facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

11.10.2021

Ички иштер министри Улан Ниязбеков КМШ өлкөлөрүнүн Ички иштер министрлеринин Кеңешинин кезектеги отурумуна катышты

Ички иштер министри Улан Ниязбеков КМШ өлкөлөрүнүн Ички иштер министрлеринин Кеңешинин кезектеги отурумуна катышты
Ички иштер министри Улан Ниязбеков КМШ өлкөлөрүнүн Ички иштер министрлеринин Кеңешинин кезектеги отурумуна катышты
Ички иштер министри Улан Ниязбеков КМШ өлкөлөрүнүн Ички иштер министрлеринин Кеңешинин кезектеги отурумуна катышты
Ички иштер министри Улан Ниязбеков КМШ өлкөлөрүнүн Ички иштер министрлеринин Кеңешинин кезектеги отурумуна катышты
Ички иштер министри Улан Ниязбеков КМШ өлкөлөрүнүн Ички иштер министрлеринин Кеңешинин кезектеги отурумуна катышты

2021-жылдын 11-октябрында видеоконференц байланыш аркылуу он лайн режиминде Көз карандысыз мамлекеттердин катышуучу-өлкөлөрүнүн ички иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги отурумуна катышты.

Аталган кеңешмеге Азербейжандын, Армениянын, Беларусиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын ИИМдин делегациялары, андан сырткары КМШ мамлекеттер-катышуучуларынын аймагындагы уюшкан кылмыштуулук жана кылмыштардын коркунучтуу түрлөрү 
менен күрөшүүнү координациялоо боюнча Бюросунун жана КМШнын Терроризмге каршы Борборунун өкүлдөрү катышышты.

Катышуучулар көптөгөн маселелерди талкуулады. Анын ичинде- КМШ өлкөлөрүндөгү кылмыштуулуктун абалы, баңгизаттарды мыйзамсыз жайылтуу, курал-жарактарды сатуу, улуттар аралык кылмыштуу топтор жана терроризм, экстремизм менен күрөшүү сыяктуу өзгөчө коркунучтуу кылмыштар менен күрөшүүдө мамлекеттер аралык программаны ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Отурумда КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер органдарынын киберкылмыштуулукка, өзгөчө оор кылмышкерлерди издөөгө, жаңы акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүүдөгү кызматташуу маселелери каралды.

Отурумду Өзбекстан Республикасынын ички иштер министри Пулат Бобожонов  ачып, өз сөзүндө 2019-2020-жылдары пандемия учурунда анын төрагалыгы алдында аткарылган иштер жөнүндө маалымдады.

Андан сырткары, КМШ катышуучу-өлкөлөрдүн Ички иштер министрлеринин кеңеши жөнүндө Жобого ылайык, Кеңешмеге төрагалык Армениянын Полициясынын начальниги Казарян Ваге Робертовичке өткөрүлүп берилди.

Аны менен бирге, Армениянын вице-премьер-министри Григорян  Мгер  Гербертович, Армения Өкмөтүнүн атынан отурумдун катышуучуларына кайрылып, катышуучуарга КМШ өлкөлөрүнүн аймагында кылмыштуулук менен күрөшүүдө жетишкен оң жыйынтыктарды, андан сырткары ар бир өлкөнүн коопсуздугу боюнча чоң жана маанилүү иштерде Кеңештин жүргүзүп жаткан иштерин өзгөчө белгилеп, анын кийинки ишмердүүлүгүндө жаңы ийгиликтерди каалады.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков өз баяндамасында улуттар аралык кылмыштуулук, киберкылмыштуулук, баңгикылмыштуулук менен күрөшүүдө бирдиктүү ишмердүүлүктү күчөтүү керектиги жөнүндө белгиледи. “КМШ катышуучу-өлкөлөрүнүн ички иштер министрликтери жаңы коркутууларга жана чакырыктарга каршы турууга, кылмыштуулуктун заманбап түрлөрүнө каршы аракеттенүүгө адекваттуу жаңы ыкмаларды иштеп чыгууга даяр. Бир гана бирдиктүү күч жумшоо менен жакшы жыйынтыктарга жетебиз”,-деп ИИМ башчысы билдирди.

Ошондой эле, Улан Ниязбеков, кылмыштуулук менен күрөшүү, заманбап чакырыктарды жана коркутууларды алдын алуу сыяктуу актуалдуу маселелер боюнча тапшырмаларды чечүү үчүн ушундай жолугушуулар маанилүү роль ойноорун белгиледи. Катышуучуларды республикадагы криминогендик абал, жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө маалымдап, кылмыштуулукту алдын алуу жана бетин ачуу, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча натыйжалуу иштерди уюштуруу биздин өлкөнүн жана элдин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылаарын белгилеп кетти.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин башчысы сөзүнүн аягында кийинки отурумду Кыргыз Республикасынын жергесинде 2022-жылдын сентябрь айында өткөрүүнү сунуштап, аны менен отурумдун бардык катышуучулары бир добуштан макул болушту.

Достук жана иштиктүү кызматташуу маанайында өткөн отурумда бардык каралган маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

 

 

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер