КР ИИМ Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифинин прейскурантын бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр (иштер) үчүн төлөмдүн өлчөмүн аныктоонун тартибинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2025-жылдын 15-апрелиндеги № 09-2/881 катына ылайык, буйрук кылам:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен 2025-жылдын
20-октябрына чейин убактылуу макулдашылган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы (мындан ары - ИИМдин МТББ) тарабынан акы төлөнүүчү негизде Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалым кат берүү түрүндөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн акысы 3 жумушчу саатка - 1090 сом өлчөмүндөгү тарифинин прейскуранты бекитилсин. - Кыргыз Республикасынын ИИМдин МТББ:
- акы төлөнүүчү негизде тез арада мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген тарифинин прейскурантын жетекчиликке алсын;
- бул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына жөнөтсүн.
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматынын башчысы (С.Б. Макилов) бул буйрукту Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяласын.
- Кыргыз Республикасынын ИИМдин МТББнын башчысынын орун басары (В.А. Уметбаева), Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын, облустук ички иштер башкармалыктарынын башчылары Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын “Бирдиктүү терезе” режиминде мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборлорунда жана пункттарында керектөөчүлөрдү тааныштыруу үчүн маалыматтык такталарда акы төлөнүүчү негизде тез арада мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифинин прейскурантын жайгаштырышсын.
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2024-жылдын 23-майындагы № 309 “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн тарифтеринин прейскурантын бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
- Бул буйруктун талаптарынын жеткиликтүү аткарылышына жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын ИИМдин МТББнын башчысынын орун басарына (В.А. Уметбаева), Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын, облустук ички иштер башкармалыктарынын башчыларына жүктөлсүн.
- Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары - Кыргыз Республикасынын ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын башчысы милициянын генерал-майору С.Н. Ниязбековго жүктөлсүн.
- Буйрук тиешелүүлүгү боюнча жарыялансын.
Министр
милициянын генерал-лейтенанты
У.О. Ниязбеков