facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы, 2022-жылдын 24-февралы № 54, «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө»

Соңку жылдары көрүлүп жаткан чараларга карабастан, кыргыз коомчулугунда ар кандай үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана башка иш-чараларды өткөрүүдө текебердик, өзүн эл алдында көрсөтүүгө умтулуу, башка адамдардын социалдык абалын теңсинбөө, ашыкча ысырапкерчилик, элдин каада-салттарын жана үрп-адаттарын сактабоо сыяктуу терс көрүнүштөр жана жаман адаттар кездешүүдө. Көптөгөн жарандар шаан-шөкөттүү үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумга арналган иш-чараларын коңшулардын жана туугандарынын алдында сын пикирге кабылбоонун, жалпысынан коомчулуктун басымында калбоонун жалгыз мүмкүнчүлүгү катары кабыл алууда.

Калк маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү, ошондой эле үйлөнүү үлпөттөрүн, мааракелерди өткөрүү менен байланышкан ар кандай үй-бүлөлүк иш-чараларда негизсиз чыгашаларга дуушар болууда. Ал тургай мындай шаан-шөкөттүү салтанаттарды жана башка иш-чараларды өткөрүү кеңири жайылган көрүнүш болуп калды. Үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды жана маркумду эскерүү иш-чараларында улуттук каада-салттарга, адеп-ахлак ченемдерине карама-каршы келген үрп-адаттарга жол берилип жатат. Мунун бардыгы өзүмчүлдүктү, адепсиздикке, өзүм билемдикти камтыган бөтөн жана бузуку идеялардын жана баалуулуктардын системасынын коомго жайылышына алып келет.

Курулай бедел күтүү, жок каада-салттарды сактоо үчүн бул иш-чараларга көп учурларда материалдык мүмкүнчүлүгүнө ылайык келбеген көп сандагы адамдар чакырылат, тамак-аш көп жасалып, көптөгөн мал союлат, акча каражаттары ашыкча чыгымдалат.

Мындай ашыкча чыгымдар үй-бүлөлүк бюджетке зыян келтирет жана калктын жашоо деңгээлине терс таасирин тийгизет. Көптөгөн жарандар ысыраптуу жана шаан-шөкөттүү үй-бүлөлүк иш-чараларды жана үрп-адаттарды өткөргөндөн кийин каражаттарды карызга, кредитке алат жана аны төлөө үчүн республикадан тышкары жактарга иштегенге кетет.

Белгилүү болгондой, динде да маркумду жерге коюуда, маркумду эскерүү үрп-адаттарында мындай ысырапкерчиликке жол берилбейт.

Республиканын жарандары үй-бүлөлүк жана башка иш-чараларды өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жана ири акча каражаттарын чыгымдабастан өткөрүшү зарыл. Өзгөчө интеллигенциянын өкүлдөрү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда гана эмес, ошондой эле турмушта жалпы кабыл алынган адеп-ахлактык ченемдерди, үрп-адаттарды жана элдик каада-салттарды сыйлоодо катардагы жарандарга үлгү болууга тийиш.

Азыркы мезгилде кыргыз коомунун руханий маданиятынын жана адеп-ахлагынын негиздерин турукташтыруу, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу, калкта, өзгөчө жаштарда мындай маселелерге аяр мамиле кылууну калыптандыруу үчүн каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп- адаттарды катуу тартипке келтирүү талап кылынууда.

Улуттук маданияттын баалуулуктарын коргоо жана элдик каада-салттарга сый мамиле кылууну калыптандыруу, жарандардын жашоо деңгээлин жана сапатын көтөрүүнүн кызыкчылыгын гана көздөп, элдин саламаттыгын жана адеп-ахлагын коргоону камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоосунун социалдык жана экономикалык деңгээлин көтөрүү үчүн каада-салттарды, салтанаттарды жана диний үрп-адаттарды тартипке келтирүү максатка ылайыктуу деп эсептелсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

- шаарларда, айылдарда жана башка калктуу конуштарда каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүүнү караган үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин;

- бул маселе боюнча калк арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;

- салтанаттарды жана диний үрп-адаттарды өткөрүүчү адамдарга тиешелүү сунуштарды берсин;

- бул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы:

- маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды жана башка үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкерчиликке жол бербөө жөнүндө калк арасында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү уюштурсун;

- каада-салттарды, салтанаттарды, үрп-адаттарды жана маркумга арналган башка иш-чараларды тартипке келтирүү маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандардын жана коомдук институттардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылсын.

4. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына төмөнкүлөр сунушталсын:

- диний ырым-жырымдарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын, маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкерчиликке жол бербөө жана алдын алуу максатында тиешелүү фатваларды чыгаруу;

- көрсөтүлгөн фатвалар боюнча калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү.

5. Кыргызстан калкы ассамблеясына, коомдук уюмдарга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, анын ичинде телерадиоберүү уюмдарына үй-бүлөлүк салтанаттарды, диний ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды жана башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкерчиликке жол бербөө жөнүндө калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сунушталсын.

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнө, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган башка иш-чараларды ири акчалай каражатты сарптабастан, көп сандаган малды сойбостон жана башка ысырапкерчиликке жол бербестен өткөрүү, жалпы кабыл алынган адеп-ахлактык ченемдерди сактоодо жарандарга үлгү болуу сунушталсын.

7. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

8. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти                                                                                                  С.Жапаров