facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин №281 буйругу «Аскердик-дарыгердик комиссия тарабынан жарандарды медициналык күбөлөндүрүү» мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин административдик регламентти бекитүү жөнүндө"

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ № 281, 23.04.2025 жыл

“Аскердик-дарыгердик комиссия тарабынан жарандарды медициналык күбөлөндүрүү” мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентин бекитүү жөнүндө

      Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2024-жылдын 25-октябрындагы № 1164 буйругу менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине (тизмегине) киргизилген медициналык кызмат көрсөтүү жаатында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарына ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2018-жылдын 16-январындагы № 26 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуунун жана оптималдаштыруунун тартиби жөнүндө” токтомун аткарууда буйрук кылам:

1.“Аскердик-дарыгердик комиссия тарабынан жарандарды медициналык күбөлөндүрүү” мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Медициналык башкармалыгы   бул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин расмий веб-сайтына жарыялоону камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2020-жылдын 3-февралындагы № 82 “Аскердик-дарыгердик комиссия тарабынан жарандарды медициналык күбөлөндүрүү” мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча Административдик регламентин бекитүү тууралуу” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Буйруктун талаптарынын жеткиликтүү аткарылышына жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын ИИМдин Медициналык башкармалыгынын башчысы милициянын майору Э.И. Жеенмуратовго жана Кыргыз Республикасынын Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Баткен, Талас облустарынын ИИБдин башчыларына жүктөлсүн.  

5. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору А.К. Бийбосуновго жүктөлсүн.

6. Буйрук тиешелүүлүгү боюнча жарыялансын.  

 

Министр

милициянын генерал-лейтенанты

У.О.Ниязбеков

 

Кыргыз Республикасынын ИИМдин  2025-жылдын  “23”04 №281 буйругуна тиркеме

“Аскердик-дарыгердик комиссия тарабынан жарандарды медициналык күбөлөндүрүү” мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенти

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтому менен бекитилген мамлекеттик органдар жана алардын ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестринин 1-пункту, “Медициналык кызмат көрсөтүүлөр” 2-главасы

1.Жалпы жоболор

1.Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү төмөнкүлөр ишке ашырат: 

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Медициналык башкармалыгынын Аскердик-дарыгердик комиссиясы (мындан ары – КРдин ИИМдин МБнын АДК) жана Ош, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ысык-Көл жана Баткен облустарынын ички иштер башкармалыктарынын облустук аскердик-дарыгердик комиссиялары (мындан ары – облустук ИИБдин ОАДК).   

 2. Бул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2024-жылдын 25-октябрындагы № 1164 “Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан медициналык кызмат көрсөтүү жаатында көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген “Аскердик-дарыгердик комиссия тарабынан жарандарды медициналык күбөлөндүрүү” мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартынын талаптарына ылайык келет.    

3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартында көрсөтүлгөн негизги параметрлер:

1) кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы: үч күндөн беш күнгө чейин (кошумча иликтөөлөрдү жүргүзүү зарыл болсо, мөөнөттөрү узартылат).

2) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:  

а) медициналык күбөлөндүрүүгө кадрдык бөлүктөрдүн жолдомосу;

б) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына кызматка кирүү шарттарына ылайык келген аскердик билет (эркектер үчүн);

в) паспорт же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ушул эле документ;

г) талапкер терапевттин, психиатрдын жана наркологдун каттоосунда турбагандыгы жөнүндө маалым кат (катталган жери боюнча);

3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: акы төлөнүүчү,  монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругу менен бекитилген баалардын колдонуудагы Прейскурантына ылайык акы төлөөнүн наркы белгиленет. Кызмат көрсөтүүнү алуудан мурун кызмат үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө дүмүрчөктү көрсөтүү керек. Банктык реквизиттерди АДК/ОАДКнын каттоочу жайынан алууга болот.  

Баткен облустук ИИБдин Медициналык кызматынын АДКсы облустун калкына акысыз кызмат көрсөтөт.

4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарындагы кызматка жарактуулугу/Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин окуу жайларына тапшырууга жарактуулугу жөнүндө  маалым кат.

2. Кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги 

4. Кызмат көрсөтүүнүн өндүрүшү төмөнкү жол-жоболор топтомун камтыйт:  

 1-таблица

Жол-жоболордун аталышы

Эскертүү

1.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн төлөмү үчүн банктык реквизиттерди берүү менен кадрдык бөлүктүн жолдомолорун жана   зарыл болгон документтерди кабыл алуу, каттоо

 

2.

Медициналык күбөлөндүрүү актысын/картасын берүү жана кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөгөндүгү жөнүндө  дүмүрчөктү кабыл алуу

 

3.

Медициналык жана психодиагностикалык текшерүү жүргүзүү    

 

4.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын маалым кат түрүндө тариздөө 

 

5.

Ички иштер органдарында кызмат өтөөгө/Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин окуу жайларына тапшырууга жарактуулугу жөнүндө маалым кат берүү      

 

       

3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы

5. Кызмат көрсөтүүдө аткарылуучу жол-жоболордун логикалык тартиби төмөндөгү блок-схемада сүрөттөлгөн.

Фронт-офис

Бэк-офис

1-жол-жобо

2-жол-жобо

 3-жол-жобо

Фронт-офис

4-жол-жобо

5-жол-жобо

4. Жол-жоболордун баяндалышы жана алардын мүнөздөмөлөрү        

  Жол-жобонун жана иш-аракеттердин аталышы

Аткаруучу, кызмат адамы 

Иш-аракеттердинузактыгы 

Иш-аракеттердин жыйынтыгы 

Иш-аракеттерди жөнгө салуучу документтер 

1-жол-жобо: Мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө акы төлөө үчүн банктык реквизиттерди берүү менен кадрлар бөлүмүнөн жолдомолорду жана керектүү документтерди кабыл алуу, каттоо    

1-иш-аракет. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө акы төлөө үчүн банктык реквизиттерди берүү менен кадрлар бөлүмүнөн жолдомолорду жана керектүү документтерди кабыл алуу, каттоо    

АДК/ОАДКнын медициналык каттоочусу 

30 мүнөт

1.Мамлекеттик кызматка акы төлөө үчүн жолдомо

2. Зарыл документтер жок болгон учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу  

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-октябрындагы № 517 “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында медициналык жана психодиагностикалык күбөлөндүрүү жөнүндө (тынчтык жана согуш мезгилинде) Жобону бекитүү тууралуу” токтому;    

2. КР ИИМдин 2023-жылдын 2-февралындагы № 68 “Кыргыз Республикасынын ИИМдин Медициналык башкармалыгы жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын аскердик-дарыгердик комиссиялары жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу” буйругу;

 3. АДК/ОАДКнын кызматкерлеринин жана жумушчуларынын функционалдык милдеттери

1-жол-жобонун жыйынтыгы:  Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн маалыматтарын кабыл алуу журналына каттоо  

Жол-жобонун узактыгы: 30 мүнөт

Жол-жобонун тиби: Атайын жол-жобо

Кийинки жол-жобонун номери: 2

Бул жол-жобонун натыйжасын өткөрүп берүү ыкмасы кийинки жол-жобонун башталышы үчүн: кызмат көрсөтүүгө акы төлөө үчүн өздүк эсептин реквизиттери акы суммасын көрсөтүү менен берилет. Баткен облустук ИИБдин медицина кызматынын АДКсы Баткен облусунун калкына акысыз кызмат көрсөтөт.

2-жол-жобо: медициналык күбөлөндүрүү актысын/картасын берүү жана кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөө жөнүндө дүмүрчөктү кабыл алуу   

2.1. иш-аракет

төлөм журналына каттоо менен төлөм дүмүрчөгүн кабыл алуу

2.2.иш-аракет Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн  анкеталык маалыматтарын толтуруу үчүн медициналык күбөлөндүрүү актысын/картасын берүү

2.3. иш-аракет

Лабораториялык жана инструменталдык изилдөөлөргө жолдомо берүү (кандын жалпы анализи, зааранын жалпы анализи, микрореакцияга кан, көкүрөк клеткасынын органдарынын флюорографиясы, “В”, “С” вирустук гепатиттин антителолоруна кан, ВИЧке (СПИДге) кан)

2.4.иш-аракет АДК/ОАДКнын башчысы/орун басары тарабынан кол тамга менен күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү толтурган актыны/картаны

текшерүү 

Медициналык каттоочу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

АДК/ОАДКнын башчысы /

башчынын орун басары

45 мүнөт

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

15 мүнөт

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнүн анкеталык маалыматтарын толтуруу үчүн медициналык күбөлөндүрүү актысын/картасын алуу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Эксперт-дарыгерлерден медициналык кароодон өтүү үчүн АДК/ОАДКнын башчысынын/орун басарынын колун койдуруу

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-октябрындагы № 517 “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында медициналык жана психодиагностикалык күбөлөндүрүү жөнүндө (тынчтык жана согуш мезгилинде) Жобону бекитүү тууралуу” токтому;    

2. КР ИИМдин 2023-жылдын 2-февралындагы № 68 “Кыргыз Республикасынын ИИМдин Медициналык башкармалыгы жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын аскердик-дарыгердик комиссиялары жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу” буйругу;

3. АДК/ОАДКнын кызматкерлеринин жана жумушчуларынын функционалдык милдеттери

Жол-жобонун жыйынтыгы: Медициналык күбөлөндүрүү актысын/картасын жана лабораториялык жана инструменталдык изилдөөлөргө жолдомолорду берүү менен кабыл алуу журналына төлөмдү каттоо  

Жол-жобонун узактыгы: 1 саат

Жол-жобонун тиби: Атайын жол-жобо

Кийинки жол-жобонун номери: 3

Бул жол-жобонун натыйжасын кийинки жол-жобонун башталышы үчүн берүү ыкмасы: лабораториялык жана инструменталдык изилдөөлөргө жолдомолор, медициналык күбөлөндүрүү актысы/картасы берилет

№ 3 жол-жобо: Медициналык жана психодиагностикалык текшерүүлөрдү жүргүзүү 

3.1. иш-аракет

Изилдөөлөрдүн лабораториялык методдорунан өтүү (кандын жалпы анализи, зааранын жалпы анализи, микрореакцияга кан, “В”, “С” вирустук гепатиттердин антителолоруна кан, ВИЧке (СПИДге) кан

3.2. иш-аракет Инструменталдык изилдөө методдорунан өтүү (көкүрөк органдарынын клеткасынын флюорографиясы)

Дарыгер-лаборант

Дарыгер-рентгенолог

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

30 мүнөт

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

   

Анализге материалдарды кабыл алуу, көкүрөк органдарын флюорографиялык текшерүү

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-октябрындагы № 517 “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында медициналык жана психодиагностикалык күбөлөндүрүү жөнүндө (тынчтык жана согуш мезгилинде) Жобону бекитүү тууралуу” токтому;    

2. КР ИИМдин 2023-жылдын 2-февралындагы № 68 “Кыргыз Республикасынын ИИМдин Медициналык башкармалыгы жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын аскердик-дарыгердик комиссиялары жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу” буйругу; 3. АДК/ОАДКнын кызматкерлеринин жана жумушчуларынын функционалдык милдеттери

3.3. иш-аракет АДКнын ар бир дарыгер- эксперттери  тарабынан сурамжылоо, кароо, текшерүү жана ден соолугунун абалына баа берүү

3.4. иш-аракет   Зарыл болгон учурда дарыгер-эксперттер кошумча текшерүү ыкмаларын дайындайт

 

Дарыгер -эксперттер:

- терапевт;

- хирург;

- дерматолог;

- невролог;

- көз адиси;

- тиш доктур;

- ЛОР;

- гинеколог (аялдар үчүн);

- психиатр;

- психолог    

3-5 күн. Зарыл болгон учурда, текшерүүнүн кошумча  ыкмалары, мөөнөтү узартылат

 

Дарыгер-эксперттер өз квалификациясы боюнча медициналык күбөлөндүрүү актысын/картасын толтурат 

 

 

Жол-жобонун жыйынтыгы: Эсепке алуу журналына, медициналык күбөлөндүрүүнүн актысына/картасына дарыгер-эксперттердин жазуусу

 

Жол-жобонун узактыгы: 3-5 күн. Зарыл болгон учурда, текшерүүнүн кошумча  ыкмалары, мөөнөтү узартылат

 

Жол-жобонун тиби: Атайын жол-жобо

 

Кийинки жол-жобонун номери: 4

 

Бул жол-жобонун натыйжасын кийинки жол-жобонун башталышы үчүн өткөрүп берүү ыкмасы: Дарыгер-эксперттер толтурган медициналык күбөлөндүрүү актысын/картасын комиссиянын жыйынына даярдоо үчүн АДК/АДКБнын каттоо жайына өткөрүп берүү

 

№ 4 жол-жобо: Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын маалым кат түрүндө тариздөө

 

4.1. иш-аракет Комиссиянын отурумунда Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөөгө/ Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин окуу жайларына окууга тапшырууга жарактуулугу/жараксыздыгы/ жөнүндө токтомдор кабыл алынат.

Дарыгер-эксперттер (3төн кем эмес), АДК/ОАДКнын башчысы/башчысынын орун басары  

 

 

 

 

 

 

3 саат

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарында кызмат өтөөгө/Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин окуу жайларына тапшырууга жарактуулугу/жараксыздыгы жөнүндө токтому менен таризделген акт/ карта

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-октябрындагы № 517 “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында медициналык жана психодиагностикалык күбөлөндүрүү жөнүндө (тынчтык жана согуш мезгилинде) Жобону бекитүү тууралуу” токтому;   

2. КР ИИМдин 2023-жылдын 2-февралындагы № 68 “Кыргыз Республикасынын ИИМдин Медициналык башкармалыгы жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын аскердик-дарыгердик комиссиялары жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу” буйругу; 3. АДК/ОАДКнын кызматкерлеринин жана жумушчуларынын функционалдык милдеттери

 

 

 

 

 

 

 

4.2. иш-аракет Жыйынтыктарды АДКнын отурумдарынын протоколдор журналына жазуу

 4.3. иш-аракет

Актыга / картага катар номер ыйгарылат

4.4. иш-аракет Маалым кат таризделет

 

Медициналык каттоочу 

 

 

1 саат

 

 

 

4.5. иш-аракет Маалым кат текшерүүгө, кол коюуга жана гербдүү мөөр менен бекитүүгө АДК/АДКБнын башчысына/башчысынын орун басарына киргизилет            

Медициналык каттоочу 

30 мүнөт

 

 

Жол-жобонун жыйынтыгы: 1. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөөгө/Кыргыз Республикасынын ИИМдин окуу жайларына тапшырууга жарактуулук маалым катын текшерүүгө, кол коюуга жана АДК/ОАДКнын башчысы/орун басары тарабынан гербдүү мөөр менен бекитүүгө даярдоо  

2. АДК/ОАДКнын отурумдарынын протоколдор журналына жазуу

 

Жол-жобонун узактыгы: 3 саат

 

Жол-жобонун тиби: Атайын жол-жобо

 

Кийинки жол-жобонун номери: 5

 

Бул жол-жобонун жыйынтыктарын кийинки жол-жобонун башталышы үчүн берүү ыкмасы: АДК/АДКБнын башчысы/башчысынын орун басары кол койгон, гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөн, таризделген, текшерилген акт/карта жана маалым кат мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнө  берүү үчүн АДК/ОАДКнын каттоо жайына берилет

 

5-жол-жобо:  Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөөгө/Ички иштер министрлигинин окуу жайларына тапшырууга жарактуулугу жөнүндө маалым кат берүү      

 

5.1. иш-аракет

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөөгө/Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин окуу жайларына окууга тапшырууга жарактуулугу жөнүндө маалым кат берүү

5.2. иш-аракет Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөөгө/ Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин окуу жайларына окууга тапшырууга жараксыздык жөнүндө токтом кабыл алынса, маалым кат берүүдөн баш тартуу

 

 

 

 

Медициналык каттоочу 

15 мүнөт

1.Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөөгө /Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин окуу жайларына окууга тапшырууга жарактуулугу жөнүндө маалым кат алуу  2.Эгерде Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөөгө/Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин окуу жайларына окууга тапшырууга АДК/ОАДКнын жараксыздык жөнүндө токтому кабыл алынса, маалым кат берилбейт        

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-октябрындагы № 517 “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында медициналык жана психодиагностикалык күбөлөндүрүү жөнүндө (тынчтык жана согуш мезгилинде) Жобону бекитүү тууралуу” токтому;   

2. КР ИИМдин 2023-жылдын 2-февралындагы № 68 “Кыргыз Республикасынын ИИМдин Медициналык башкармалыгы жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын аскердик-дарыгердик комиссиялары жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу” буйругу; 3. АДК/ОАДКнын кызматкерлеринин жана жумушчуларынын функционалдык милдеттери

 

Жол-жобонун жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөөгө/Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин окуу жайларына окууга тапшырууга жарактуулугу жөнүндө маалым кат алуу   

 Жол-жобонун узактыгы: 15 мүнөт

 

Жол-жобонун тиби: Атайын жол-жобо

                               

1-жол-жобо

1. Акы төлөө үчүн банктык реквизиттерди берүү менен кадрлар бөлүгүнөн жолдомолорду жана керектүү документтерди кабыл алуу, каттоо

2. Жол-жобонун аякташы

2-жол-жобо

1. Кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө дүмүрчөктү кабыл алуу жана медициналык күбөлөндүрүү актысын / картасын берүү

2. Төлөм журналына каттоо менен төлөм дүмүрчөгүн кабыл алуу

3. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү тарабынан анкеталык маалыматтарды толтуруу үчүн медициналык күбөлөндүрүү актсын/картасын берүү

                     

5.Проверка заполненного потребителем государственной услуги акта/карты начальником/заместителем ВВК/ОВВК заверяемая подписью.

5.Проверка заполненного потребителем государственной услуги акта/карты начальником/заместителем ВВК/ОВВК заверяемая подписью.

5.Проверка заполненного потребителем государственной услуги акта/карты начальником/заместителем ВВК/ОВВК заверяемая подписью.

4. Лабораториялык жана инструменталдык изилдөөлөргө жолдомо берүү (кандын жалпы анализи, зааранын жалпы анализи, микрореакцияга кан, көкүрөк клеткасынын органдарынын флюорографиясы, “В”, “С” вирустук гепатиттин антителолоруна кан, ВИЧке (СПИДге) кан

5. АДК/ОАДКнын башчысынын/орун басарынын   кол тамгасы менен күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү  толтурган актыны/картаны

текшерүү 

6. Жол-жобонун аякташы

3-жол-жобо

5.При необходимости врач-эксперт назначает дополнительные методы обследований.

5.При необходимости врач-эксперт назначает дополнительные методы обследований.

1. Медициналык жана психодиагностикалык текшерүүлөрдү жүргүзүү

2. Изилдөөлөрдүн лабораториялык методдорунан өтүү (кандын жалпы анализи, зааранын жалпы анализи, микрореакцияга кан, “В”, “С” вирустук гепатиттердин антителолоруна кан, ВИЧке (СПИДге) кан

3. Инструменталдык изилдөө методдорунан өтүү (көкүрөк органдарынын клеткасынын флюорографиясы)

4. АДКнын ар бир дарыгер- эксперттери тарабынан сурамжылоо, кароо, текшерүү жана ден соолугунун абалына баа берүү

5. Зарыл болгон учурда дарыгер-эксперттер кошумча текшерүү ыкмаларын дайындайт

 

6. Жол-жобонун аякташы

6.Конец процедуры

4-жол-жобо

5.Оформляется справка

1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын маалым кат түрүндө тариздөө 

2. Комиссиянын отурумунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин окуу жайларына окууга тапшырууга/Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөөгө жарактуулугу/жараксыздыгы жөнүндө токтомдор кабыл алынат

3. Жыйынтыктарды АДКнын отурумунун протоколдор журналына жазуу

4. Актыга / картага катар номер ыйгарылат

5.Маалым кат таризделет

 

6. Маалым кат текшерүүгө, кол коюуга жана гербдүү мөөр менен бекитүүгө АДК/ОАДКнын башчысына/башчысынын орун басарына киргизилет

7. Жол-жобонун аякташы

6.Справка заносится к начальнику/заместителю начальника ВВК/ОВВК на проверку, подпись и закрепления гербовой печатью.

6.Справка заносится к начальнику/заместителю начальника ВВК/ОВВК на проверку, подпись и закрепления гербовой печатью.

6.Справка заносится к начальнику/заместителю начальника ВВК/ОВВК на проверку, подпись и закрепления гербовой печатью.

5-жол-жобо

1. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөөгө/Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин окуу жайларына окууга тапшырууга жарактуулугу жөнүндө маалым кат берүү

2. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөөгө, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин окуу жайларына окууга тапшырууга жараксыздык жөнүндө токтом кабыл алынса, маалым кат берүүдөн баш тартуу

3. Жол-жобонун аякташы

6. Административдик регламенттин талаптарын аткарууга көзөмөл

6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички көзөмөл (учурдагы) жана тышкы көзөмөл жүргүзүлөт. 

Ички көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Медициналык башкармалыгынын Аскердик-дарыгердик комиссиясынын башчысы жүргүзөт.

Ички көзөмөл кызмат адамдары жана кызматкерлери тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын үзгүлтүксүз текшерүү жолу менен ишке ашырылат.

Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү жарым жылда бир жолу болот.

Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызматтын керектөөчүлөрүнүн арызы боюнча жүргүзүлөт.

 Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарын бузууларды четтетүү боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.

7. Кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарынын аткарылышын тышкы көзөмөлдөө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин комиссиясы тарабынан ишке ашырылат.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгы маалым кат түрүндө таризделет, ага административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.

Маалым катка кол коюлган учурдан тартып 3 жумушчу күндүн ичинде ал Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Медициналык башкармалыгына жиберилет.

Маалым кат келип түшкөн күндөн тартып, бир айлык мөөнөттө аныкталган тартип бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча чаралар, мындай тартип бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жана администрациялык таасир этүү чаралары көрүлүүгө тийиш.

 Зарыл болгон учурда, ошондой эле белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.

Администрациялык регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы көзөмөл жылына бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.

7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги

8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Медициналык башкармалыгынын аскердик-дарыгердик комиссиясынын жана облустардын ИИБдин облустук аскердик-дарыгердик комиссияларынын кызматкерлери жана жумушчулары Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына жана укук коргоо органдарынын Тартиптик уставына ылайык, жоопкерчиликке тартылышат. 

8. Корутунду жобо

9. Административдик регламент кызмат көрсөтүүлөрдүн Стандарттарына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө же зарылдыгына жараша кайра каралууга тийиш.

9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар

 Кыргыз Республикасынын ИИМдин Медициналык башкармалыгынын аскердик-дарыгердик комиссиясы.