facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертизалык кызматтарды көрсөтүү жаатындагы мамлекеттик кызматтардын стандарттарын бекитүү жөнүндө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертизалык кызматтарды көрсөтүү жаатындагы мамлекеттик кызматтардын стандарттарын бекитүү жөнүндө

 

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө” токтомунун 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына берилүүчү айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 2-пункту менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана анын аймактык бөлүктөрү тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын төмөндөгү стандарттары бекитилсин:

1) “Сатылуучу кызматтык жана жарандык сайлуу, ошондой эле чектелген кыйратуучу ок атуучу куралдан атылган окторду жана гильзаларды окгильзотекасына каттоо үчүн куралдан алгачкы атуу”, 1-тиркемеге ылайык;         

2) “Юридикалык жана жеке жактардын эсебинде болгон кызматтык жана жарандык сайлуу, ошондой эле чектелген кыйратуучу ок атуучу куралдардан контролдук атуу”, 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматына:

1) ушул буйруктун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010- жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий веб-сайтында же “Эркин-Тоо” гезитинде расмий жарыялануусу камсыз кылынсын;

2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч иш күндүн ичинде ушул буйруктун эки нускадагы мамлекеттик жана расмий тилдердеги көчүрмөлөрү кагаз жүзүндө жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө, жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн;

3) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч иш күндүн ичинде буйруктун эки нускадагы мамлекеттик жана расмий тилдердеги көчүрмөлөрү маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлсүн;

4) мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча иш жогоруда көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын стандарттарына ылайык уюштурулсун;

5) көрсөтүлгөн кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын андан ары жакшыртуу жана оптималдаштыруу боюнча чаралар көрүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяласын.

4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин катчылыгы ушул буйрукту маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын кызматтарынын жана бөлүктөрүнүн, түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүктөрүнүн жетекчилерине (башчыларына) жеткирсин.

5. Ушул буйруктун талаптарын жеткиликтүү аткаруу жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын ИИМдин Эксперттик-криминалистикалык кызматынын башчысы милициянын полковниги А.В. Ивановго жүктөлсүн.

6. Ушул буйруктун талаптарынын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Э.Дж. Аширходжаевге жүктөлсүн.

7. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Министр

милициянын генерал-лейтенанты                                    У.О. Ниязбеков

 

 

КР ИИМдин

20__-ж. “___”__________

____буйругуна 1-тиркеме

1. Мамлекеттик кызматтын паспорту

1

Кызматтын аталышы

Сатылуучу кызматтык жана жарандык сайлуу, ошондой эле чектелген кыйратуучу ок атуучу куралдан атылган окторду жана гильзаларды окгильзотекасына каттоо үчүн куралдан алгачкы атуу - мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 5-бөлүмүнүн 67-пункту

2

Кызматты көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы

Коомдук тартипти, инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча аткаруучу-башкаруучу функцияларды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик укук коргоо органы (мындан ары – Кыргыз Республикасынын ИИМги).

Мамлекеттик кызматты көрсөтүүчү мамлекеттик органдардын тизмеси алардын байланыш маалыматы жана мамлекеттик кызматтын  стандарты менен бирге Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалымат такталарында жана расмий сайттарында жайгаштырылат

3

Мамлекеттик кызматтын керектөөчүлөр

Жеке жана юридикалык жактар

4

Мамлекеттик кызматты алуунун укуктук негиздери

- "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- 2011-жылдын 15-февралындагы №47 “Контролдоо-уруксат берүү функцияларын жүзөгө ашыруу боюнча ички иштер органдарынын иши жөнүндө нускама жана Кызматтык жана жарандык курал-жаракты, алардын ок-дарыларын колдонууну контролдоо боюнча ички иштер органдарынын иши жана курал-жарак оңдоо устаканаларын ачуунун тартиби тууралуу нускаманы бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому;

- 2001-жылдын 21-ноябрындагы №721 “Кыргыз Республикасында кызматтык жана жарандык курал-жаракты жана алардын ок-дарыларын жүгүртүүнүн Эрежелерин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому;

- 2023-жылдын 9-августундагы №398 “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалисттик кызматын түзүү жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому

5

Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн аяккы жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын ИИМинин ок-гильзотекасында каттоо жана эсепке алуу карточкасын берүү

6

Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн шарттары

Керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:

- белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда;

- бардык жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканалар, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолдуксуз жетүү мүмкүнчүлүгүнүн бар болуусу, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттар, жайлар);

- жандуу кезек күтүү принциби боюнча;

- уюмдарды күтүү үчүн жайлар, дааратканалар, жылытуу, суу түтүктөрү, телефон менен камсыз кылышат;

- жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, тылдын эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар, 1 жашка чейинки балдары бар адамдар) кезексиз тейленет.

Керектөөчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат

7

Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн мөөнөтү

Кызматты көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү 15 жумушчу күнгө чейин, анын ичинде:

- арызды кабыл алууга жана/же кызматты алууга иш-аракеттердин чектелген убактысы 30 мүнөткө чейин;

- кызматтын жыйынтыгын берүүгө чектелген убакыт 20 мүнөткө чейин

Мамлекеттик кызматты алуучуларга маалымдоо

8

Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтын тизмеги) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымдоо

Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын ИИМден алууга болот;

Маалымат төмөнкүдөй берилиши мүмкүн:

- жазуу жүзүндө;

- оозеки түрдө (телефон аркылуу, жеке байланышкан учурда);

- электрондук түрдө.

Маалымат менен мамлекеттик жана расмий тилдерде маалымат такталарында, брошюраларда жана буклеттерде таанышууга болот

9

Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуунун ыкмалары (мүмкүн болгон ыкмалардын бардыгын мүнөздөө же атап чыгуу )

Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалыматты таратуу төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн:

- радио, телекөрсөтүү, маалымат сайттары;

- гезиттер;

- Кыргыз Республикасынын ИИМдин коомдук кабылдамалары жана сайты;

- Кыргыз Республикасынын ИИМдин болгон такталар, буклеттер жана брошюралар;

- телефон аркылуу.

Даректери, телефон номерлери жана иштөө режими Кыргыз Республикасынын ИИМдин сайттарында, такталарында жайгаштырылат.

Кызматты көрсөтүү жөнүндө маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде акысыз берилет

Мамлекеттик кызматты көрсөтүү жана тейлөө

10

Кардарлар менен баарлашуу

Кыргыз Республикасынын ИИМде кызмат көрсөтүүгө жооптуу болгон кызматкерлердин иш бөлмөлөрүнүн эшиктеринде маалыматтык көрнөкчөлөр жайгаштырылат.

Кызматкерлер тарабынан колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалуулукту, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышуусун жокко чыгарган, кызматтык нускамалар (функционалдык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталууга тийиш.

Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаж болгон адамдар (көрүүсү жана угуусу боюнча жана таяныч-кыймылдоо аппараты бузулган ДМЧА, улгайган жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүзөгө ашырылат

11

Купуялуулукту камсыз кылуу жолдору

Кызмат көрсөтүүнү алууда жарандардын жеке маалыматтары ачыкка чыгарылбайт жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттарда жана үчүнчү жактарга берүү үчүн пайдаланылбайт.

Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн

12

Мамлекеттик кызматтын керектөөчүсү тарабынан зарыл болгон документтердин жана/же аракеттердин тизмеги

Кызматты алуу үчүн жарандар Кыргыз Республикасынын ИИМдин бөлүктөрүнө кайрылып жана төмөнкүлөрдү көрсөтүүсү керек:

- үлгүгө ылайык кызматты көрсөтүп жазуу жөнүндө арыз (арыздардын үлгүлөрү Кыргыз Республиканын ИИМдин такталарында бар);

- ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ (паспорт, өздүк күбөлүк);

- ишеним кат (юридикалык жактар үчүн);

- алгачкы атуу үчүн берилүүчү курал-жарактын номердик эсебин камтыган документ (курал-жарактын партиясы берилген учурда);

- мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция;

- юридикалык жакты, филиалды же өкүлчүлүктү (юридикалык жактар үчүн) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

- куралдын паспортунун көчүрмөсү;

- жарактуу курал жана ага 3 даанадан кем эмес сандагы бүтүн металл кабыкчасы (FMJ) менен патрондор

13

Мамлекеттик кызматтын акы төлөнүүчү наркы

Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт.

Кызматтын наркы Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылган баалардын прейскурантында чагылдырылат.

Баалардын прейскуранты монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМинин жетекчилигинин буйругу менен бекитилет

14

Мамлекеттик кызматтын сапатынын параметрлери

Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:

- колдонуучу үчүн актуалдуулук;

- көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убактылуулугу;

- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этноско таандыктыгы, туткан дини, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;

- жеткиликтүүлүк, жарандардан кызматты алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу;

- кызматты көрсөтүүнүн шарттарынын шайкештиги: ДМЧА үчүн имаратка, бөлмөгө кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричилик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда);

- мамлекеттик кызматты көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, зарыл болгон документтерди толтурууда кызматкерлердин жардамы жана кызматты көрсөтүүнүн бардык жол-жоболорунун жүрүшүндө консультация берүүсү

15

Электрондук форматта кызматты көрсөтүү

Электрондук форматтагы кызмат көрсөтүлбөйт

Мамлекеттик кызматты көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби

16

Мамлекеттик кызматты көрсөтүүдөн баш тартуу

Мамлекеттик кызматты көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн:

- 18 жашка чыга элек адамдарга;

- аракетке жжарамдуу эмес жарандарга;

- арыз ээсинин ким экендигин ырастаган документтерди белгиленбеген үлгүдө (кемтиги, оңдолгон жери, сүртүлгөн жери бар) берген учурда;

- адамдын башка адамдын атынан аракеттенүүгө расмий ыйгарым укуктары жок болгон учурда (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат, туугандыгын тастыктаган документтер);

- ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келбеген учурда

17

Даттануу тартиби

Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү Кыргыз Республикасынын ИИМдин түздөн-түз же өзүнүн өкүлдөрү аркылуу оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу.

Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, доонун маңызы, кызматты керектөөчүнүн же анын өкүлүнүн колу жана датасы камтылууга тийиш.

Даттанууларды жана доолорду кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсинин жоопту алуу мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоого тийиш.

Даттануу боюнча кабыл алынган чечим канааттандырбаган учурда арыз ээси Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыйгарым укуктуу органдардын чечимдерине сот тартибинде даттанууга укуктуу

18

Мамлекеттик кызматтын стандартын кайрадан карап чыгуунун мезгилдүүлүгү

Мамлекеттик кызматтын стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес болгон мезгилдүүлүк менен үзгүлтүксүз кайра каралып турушу керек

 

 

 КР ИИМдин

20__-ж. “___”__________

____буйругуна 2-тиркеме

                                  

 

2. Мамлекеттик кызматтын паспорту

1

Кызматтын аталышы

Юридикалык жана жеке жактардын эсебинде болгон кызматтык жана жарандык сайлуу, ошондой эле чектелген кыйратуучу ок атуучу куралдардан контролдук атуу - мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 5-бөлүмүнүн 68-пункту

2

Кызматты көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы

Коомдук тартипти, инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча аткаруучу-башкаруучу функцияларды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик укук коргоо органы (мындан ары – Кыргыз Республасынын ИИМги).

Мамлекеттик кызматты көрсөтүүчү мамлекеттик органдардын тизмеси, алардын байланыш маалыматы жана мамлекеттик кызматтын стандарты Кыргыз Республасынын ИИМде маалымат такталарында жана расмий сайттарында жайгаштырылат

3

Мамлекеттик кызматтын керектөөчүлөрү

Жеке жана юридикалык жактар

4

Мамлекеттик кызматты алуунун укуктук негиздери

- "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- 2011-жылдын 15-февралындагы №47 “Контролдоо-уруксат берүү функцияларын жүзөгө ашыруу боюнча ички иштер органдарынын иши жөнүндө нускама жана Кызматтык жана жарандык курал-жаракты, алардын ок-дарыларын колдонууну контролдоо боюнча ички иштер органдарынын иши жана курал-жарак оңдоо устаканаларын ачуунун тартиби тууралуу нускаманы бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому;

- 2001-жылдын 21-ноябрындагы №721 “Кыргыз Республикасында кызматтык жана жарандык курал-жаракты жана алардын ок-дарыларын жүгүртүүнүн Эрежелерин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому;

- 2023-жылдын 9-августундагы №398 “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалисттик кызматын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому

5

Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн аяккы жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын ИИМинин ок-гильзотекасында каттоо жана эсепке алуу карточкасын берүү

6

Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн шарттары

Керектөөчүлөргө кызматты көрсөтүү төмөндөгүдөй жүзөгө ашырылат:

- белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда;

- бардык жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканалар, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолдуксуз жетүү мүмкүнчүлүгүнүн бар болуусу, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттар, жайлар);

- жандуу кезек күтүү принциби боюнча;

- уюмдарды күтүү үчүн жайлар, дааратканалар, жылытуу, суу түтүктөрү, телефон менен камсыз кылышат;

- жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, тылдын эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар, 1 жашка чейинки балдары бар адамдар) кезексиз тейленет.

Керектөөчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат

7

Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн мөөнөтү

Кызматты көрсөтүүнүн мөөнөтү 15 жумушчу күнгө чейин, шашылыш түрдө 3 жумушчу күнгө чейин, анын ичинде:

- арызды кабыл алууга жана/же кызматты алууга иш-аракеттердин чектелген убактысы 30 мүнөткө чейин;

- кызматтын жыйынтыгын берүүгө чектелген убакыт 20 мүнөткө чейин

Мамлекеттик кызматты алуучуларга маалымдоо

8

Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтын тизмеги) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымдоо

Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын ИИМден алууга болот.

Маалымат төмөнкүдөй берилиши мүмкүн:

- жазуу жүзүндө;

- оозеки түрдө (телефон аркылуу, жеке байланышкан учурда);

- электрондук түрдө.

Маалымат менен мамлекеттик жана расмий тилдерде маалымат такталарында, брошюраларда жана буклеттерде таанышууга болот

9

Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуунун ыкмалары (мүмкүн болгон ыкмалардын бардыгын мүнөздөө же атап чыгуу )

Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалыматты таратуу төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн:

- радио, телекөрсөтүү, маалымат сайттары;

- гезиттер;

- Кыргыз Республикасынын ИИМдин коомдук кабылдамалары жана сайты;

- Кыргыз Республикасынын ИИМдин болгон такталар, буклеттер жана брошюралар;

- телефон аркылуу.

Даректери, телефон номерлери жана иштөө режими Кыргыз Республикасынын ИИМдин сайттарында, такталарында жайгаштырылат.

Кызматты көрсөтүү жөнүндө маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде акысыз берилет

Мамлекеттик кызматты көрсөтүү жана тейлөө

10

Келүүчүлөр менен баарлашуу

Кыргыз Республикасынын ИИМде кызмат көрсөтүүгө жооптуу болгон кызматкерлердин иш бөлмөлөрүнүн эшиктеринде маалыматтык көрнөкчөлөр жайгаштырылат.

Кызматкерлер тарабынан колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалуулукту, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышуусун жокко чыгарган, кызматтык нускамалар (функционалдык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталууга тийиш.

Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаж болгон адамдар (көрүүсү жана угуусу боюнча жана таяныч-кыймылдоо аппараты бузулган ДМЧА, улгайган жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүзөгө ашырылат

11

Купуялуулукту камсыз кылуу ыкмалары

Кызмат көрсөтүүнү алууда жарандардын жеке маалыматтары ачыкка чыгарылбайт жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттарда жана үчүнчү жактарга берүү үчүн пайдаланылбайт.

Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн

12

Мамлекеттик кызматтын керектөөчүсү тарабынан зарыл болгон документтердин жана/же аракеттердин тизмеги

Кызматты алуу үчүн жарандар Кыргыз Республикасынын ИИМдин бөлүктөрүнө кайрылып жана төмөнкүлөрдү көрсөтүүсү керек:

- үлгүгө ылайык кызматты көрсөтүп жазуу жөнүндө арыз (арыздардын үлгүлөрү Кыргыз Республиканын ИИМдин такталарында бар);

- ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ (паспорт, өздүк күбөлүк);

- ишеним кат (юридикалык жактар үчүн);

- жарактуу курал жана ага 3 даанадан кем эмес сандагы бүтүн металл кабыкчасы (FMJ) менен патрондор

13

Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтын наркы

Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт.

Кызматтын наркы Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылган баалардын прейскурантында чагылдырылат.

Баалардын прейскуранты монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМинин жетекчилигинин буйругу менен бекитилет

14

Мамлекеттик кызматтын сапатынын параметрлери

Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:

- колдонуучу үчүн актуалдуулук;

- көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убактылуулугу;

- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этноско таандыктыгы, туткан дини, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;

- жеткиликтүүлүк, жарандардан кызматты алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу;

- кызматты көрсөтүүнүн шарттарынын шайкештиги: ДМЧА үчүн имаратка, бөлмөгө кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричилик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда);

- мамлекеттик кызматты көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, зарыл болгон документтерди толтурууда кызматкерлердин жардамы жана кызматты көрсөтүүнүн бардык жол-жоболорунун жүрүшүндө консультация берүүсү

15

Электрондук форматта кызмат көрсөтүү

Электрондук форматтагы кызмат көрсөтүлбөйт

Мамлекеттик кызматты көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби

16

Мамлекеттик кызматты көрсөтүүдөн баш тартуу

Мамлекеттик кызматты көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн:

- арыз ээсинин ким экендигин ырастаган документтерди белгиленбеген үлгүдө (кемтиги, оңдолгон жери, сүртүлгөн жери бар) берген учурда;

- адамдын башка адамдын атынан аракеттенүүгө расмий ыйгарым укуктары жок болгон учурда (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат, туугандыгын тастыктаган документтер);

- ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келбеген учурда

17

Даттануу тартиби

Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү Кыргыз Республикасынын ИИМдин түздөн-түз же өзүнүн өкүлдөрү аркылуу оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу.

Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, доонун маңызы, кызматты керектөөчүнүн же анын өкүлүнүн колу жана датасы камтылууга тийиш.

Даттанууларды жана доолорду кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсинин жоопту алуу мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоого тийиш.

Даттануу боюнча кабыл алынган чечим канааттандырбаган учурда арыз ээси Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыйгарым укуктуу органдардын чечимдерине сот тартибинде даттанууга укуктуу

18

Мамлекеттик кызматтын стандартын кайрадан карап чыгуунун мезгилдүүлүгү

Мамлекеттик кызматтын стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес болгон мезгилдүүлүк менен үзгүлтүксүз кайра каралып турушу керек

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертизалык кызматтарды көрсөтүү жаатындагы мамлекеттик кызматтардын стандарттарын бекитүү жөнүндөКыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругунун долбооруна

НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМ КАТ

1. Максаты жана милдеттери

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (мындан ары – Министрлик) сунушталган буйругунун долбоорунун максаты мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын стандарттарын Кыргыз Республикасынын “Курал жөнүндө” мыйзамынан келип чыккан талаптар менен ылайык келтирүү, сатылып жаткан кызматтык жана жарандык сайлуу, ошондой эле чектелген кыйратуучу ок атуучу куралдан атылган окторду жана гильзаларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгилеген тартипте мамлекеттик окгильзотекага берүү, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдагы боштуктарды жоюу болуп саналат.

Сунушталган долбоордун милдети мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине (тизмесине) киргизилген төмөнкү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү болуп саналат:

- сатылуучу кызматтык жана жарандык сайлуу, ошондой эле чектелген кыйратуучу ок атуучу куралдан атылган окторду жана гильзаларды окгильзотекасына каттоо үчүн, акы төлөнүүчү негизде 15 иш күндүн ичинде куралдан алгачкы атуу;

- юридикалык жана жеке жактардын эсебинде болгон кызматтык жана жарандык сайлуу, ошондой эле чектелген кыйратуучу ок атуучу куралдардан,  акы төлөнүүчү негизде 15 иш күндүн ичинде контролдук атуу жана шашылыш түрдө 3 иш күндүн ичинде контролдук атуу.

2. Баяндоо бөлүгү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө” токтомуна киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, кызматтык жана жарандык сайлуу, чектелген кыйратуучу ок атуучу куралдан алгачкы жана контролдук атуу түрүндө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын тизмеги менен бирдиктүү реестрди толуктоо бөлүгүндө (67, 68 п. 5-бөлүм “Изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертиза кызматтар”), Министрлик тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын стандарттарын бекитүү зарылдыгы келип чыкты.

Министрлик тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө” токтомунун 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартында №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүлүп берилүүчү айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 2-пунктуна ылайык Министрлик тарабынан жеке жана юридикалык жактарга акы төлөнүүчү негизде кызматтык жана жарандык сайлуу, чектелген кыйратуучу ок атуучу куралдан  алгачкы жана контролдук атуу түрүндө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын стандарттарын бекитүү сунушталган буйруктун долбоору иштелип чыкты.

3. Мүмкүн болгон социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттердин божомолдору

Бул буйруктун долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс кесепеттерге алып келбейт.

4. Коомдук талкуунун натыйжалары жөнүндө маалымат

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 22-беренесине ылайык коомдук талкууну уюштуруу максатында буйруктун долбоору ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин сайтына жайгаштырылат.

5. Долбоордун мыйзамдарга шайкештигин талдоо

Сунушталган буйруктун долбоору колдонуудагы мыйзамдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.

6. Каржылоонун зарылдыгы жөнүндө маалымат

Бул долбоорду кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды алып келбейт.

7. Регулятивдик таасирди талдоо жөнүндө маалымат

Сунушталган долбоор регулятивдик таасирди талдоону талап кылбайт, анткени ишкердик ишмердикти жөнгө салууга багытталган эмес.

 

Кыргыз Республикасынын

Ички иштер министри                                                               У.О. Ниязбеков