11.11.2021
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында мурдагы жетекчилеринин стендин ачуу аземи өттү
10-ноябрь күнү ИИМдин БМЖКККнын имаратында Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Н. Абдиевдин катышуусу менен ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүгүнүн мурда жетектеген башчыларынын стендин ачууга байланыштуу салтанаттуу азем өткөрүлдү.
Аталган иш-чарага алгачкы жетекчилер-А.Зеличенко, З.Рысалиев, Т.Бейшенбаев, А. Ботобаев, М.Исмаилов, Б. Матмусаев, М. Кулуев жана башкалар келип катышты.
Бул салтанаттын алкагында ардагерлерге, офицер кызматкерлердин жубайларына сыйлыктар тапшырылды.
Мындан сырткары, ардагерлер үчүн машыгуу тиринен тапанча менен атуу уюштурулду.
Кызматтын начальниги милициянын полковниги У. Султанов ардагерлердин ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө кошкон зор салымдарын, ошондой эле стендди ачуу аларга карата сый-урмат көрсөтүү экендигин баса белгилеген.
ИИМдин Басма сөз кызматы