facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн администрациялык регламенти «Аскердик-дарыгердик комиссия тарабынан жарандарды медициналык күбөлөндүрүү» жөнүндө буйрук долбоору

КР ИИМдин “___” 2018-ж.

№_____ буйругу менен

 

«Бекитилди»

 

                                                                                  ___________________

                                                                            кызматы, аты-жөнү, мөөр

 

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн

администрациялык регламенти

 

«Аскердик-дарыгердик комиссия тарабынан жарандарды медициналык күбөлөндүрүү»

 

1. Жалпы жобо

 

Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүү төмөндөгүчө жүзөгө ашырылат:

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Аскердик-дарыгердик комиссиясы (мындан ары – КР ИИМдин АДК) (Бишкек ш.) жана ОШ, Жалал-Абад, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарынын Ички иштер башкармалыктарынын облустук аскердик-дарыгердик комиссиялары (мындан ары – ИИБнын ОАДК) тарабынан.

  1. «Аскердик-дарыгердик комиссия тарабынан жарандарды медициналык күбөлөндүрүү» мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн администрациялык регламенти (мындан ары – администрациялык регламент) бул мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча администрациялык-башкаруучулук процесстерди оптимизациялоо, ошондой эле аны көрсөтүү процессине тартылган кызмат адамдарынын жеке жоопкерчилигин жогорулатуу максатында иштелип чыккан (аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүктөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүп жаткан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасынын 11-пункту).
  2. Бул кызмат көрсөтүүнүн администрациялык регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тийиштүү стандардынын талаптарына ылайык келет;
  3. Кызмат көрсөтүүнүн сандартында көрсөтүлгөн негизги параметрлер:

-        (1) кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы: 3 күн (Бишкек ш. тургундары үчүн), 5 күн (облустардан келгендер үчүн), кошумча текшерүүнү жүргүзүү зарыл болгон учурда мөөнөттөр узарат;

(2) Мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн

зарыл болгон документтер:

а) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөндөгүлөр зарыл – кадрдык аппараттын медициналык күбөлөндүрүүгө жолдомосу;

б) Аскердик билет (эркектер үчүн);

в) Паспорт;

г) Талапкер терапевтте, психиатрда жана наркологдо каттоодо турбагандыгы тууралуу маалым кат (катталган жери боюнча);

д) Күбөлүк (ИИОнун кызматкерлери үчүн);

е) ИИМдин бейтапканасынын амбулатордук картасы (кызматкерлер үчүн).

 

- ИИОго кызматка кайрадан кабыл алынып жаткандардын, Кыргыз Республикасынын ИИМдин окуу жайларына тапшырып жаткандардын жарамдуулугу жөнүндө АДКнын токтому.

 

 

Кызмат көрсөтүүнүн өндүрүшү жол-жоболордун төмөндөгү жыйымын камтыйт:

1-таблица

 

 

Жол-жоболордун аталышы Эскертүү
 

1-жол-жобо – кадрдык аппараттын жолдомосун жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу жана каттоо;

 

   
 

2-жол-жобо – кызмат көрсөтүү үчүн төлөмдү (төлөнгөндүгү жөнүндө дүмүрчөктү) кабыл алуу;

 

   
  3-жол-жобо – керектөөчүгө мамлекеттик кызмат көрсөтүү (медициналык жана комплекстүү психодиагностикалык текшерүү);    
  4-жол-жобо – медициналык текшерүүнүн жүргүзүү үчүн керектөөчүлөргө зарыл болгон шарттарды түзүү.    
 

5-жол-жобо – мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын ИИОго кызматка (КР ИИМдин окуу жайларына тапшырууга) жарамдуулугу (жарамсыздыгы) жөнүндө АДКнын корутундусу түрүндө тариздөө жана белгиленген формадагы маалым кат берүү.

 

   
           

 

 

  1. 3.Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы

 

Кызмат көрсөтүүнүн өндүрүшү учурунда аткарылуучу жол-жоболордун логикалык тартиби төмөндөгү блок-схемада көрсөтүлгөн.

 

 

Фронт-офис

Жол-жобо

1

Жол-жобо

2

 

Жол-жобо

3

Жол-жобо

4

 

Жол-жобо

5

 

 

  1. 4.Жол-жоболордун баяндамасы жана алардын мүнөздөмөлөрү

 

        

Жол-жобонун жана аракеттердин аталышы Аткаруучу, кызмат адамы Узактыгы Аракеттин жыйынтыгы Аракетти жөнгө салуучу документтер

 

1-жол-жобо Анын мыйзамдуу өкүлүнөн жолдомону жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу жана каттоо.

 

1.Кабыл алуу

2. Документтерди алдын ала кароо.

3. Документтерди каттоо.

Медициналык каттоочу 15 мүнөт

1.) Керектөөчү андан ары медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн адистерге жөнөтүү.

2.) Керектөөчүгө бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартууну билдирүү.

 

1.Иш милдеттери.

2. Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча нускама.

3 аракет 1 адам 15 мүн   2 ЧУА
Жол-жобонун жыйынтыгы: Күбөлөндүрүүдөн өтүүчүнү каттоо журналы.
Жол-жобонун тиби: Атайын жол-жобо.

 

№2 жол-жобо Кызмат көрсөтүү үчүн төлөмдү кабыл алуу.

 

- кызмат көрсөтүүнү керектөөчүдө виза басылган жолдомонун бардыгын текшерүү;

- ыйгарым укуктуу монополияга каршы орган менен макулдашылган кызмат көрсөтүүнүн бекитилген наркына ылайык көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүгө төлөм жүргүзүү үчүн банктык мекемеге жөнөтүү;

Медициналык каттоочу 15 мүнөт Көрсөтүлүп жаткан кызмат көрсөтүүнүн бааларынын (тарифтеринин) бекитилген прейскурантына ылайык наркын төлөө үчүн банктын жакынкы филиалына жөнөтүү. Чечим, мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн, бул кызмат көрсөтүүнүн баасынын белгиленген тартипте бекитилген прейскурантына ылайык келген төлөм жүргүзүлгөн учурда кабыл алынат. Банктын белгилүү мезгилге (айга) берген көчүрмөсүнүн негизинде түзүлгөн бухгалтериянын банктык операциялары боюнча журнал.
2 аракет 1 адам 15 мин   1 ЧУА
Жол-жобонун жыйынтыгы: Төлөмдү каттоо журналы
Жол-жобонун тиби: Атайын жол-жобо.

 

 

№ 3 жол-жобо Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнү медициналык жана комплекстүү психодиагностикалык текшерүү.

 

Кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнү ар бир дарыгер-адис тарабынан өзүнүн квалификациясы боюнча корутунду чыгаруу менен сурамжылоо, кароо, текшерүү жана ден-соолугунун абалына баа берүү. медициналык текшерүүгө төмөндөгү врач адистер катышат: терапевт, хирург, дерматолог, невропатолог, окулист, стоматолог, ЛОР, гинеколог, психиатр и психолог максималдуу мөөнөт 3 сааттан көп эмес ар бир адис тарабынан керектөөчүнүн ИИОго кызматка, КР ИИМдин окуу жайларына тапшырууга жарамдуулугу (жарамсыздыгы) жөнүндө корутунду чыгаруусу. керектөөчүнүн маалыматтарын (аты-жөнүн, диагнозун ж.б.) эсепке алуу журналына киргизүү, маалыматтарды медициналык күбөлөндүрүү актысына киргизүү
3 аракет 10 адам максималдуу мөөнөт 3 сааттан көп эмес   1 ЧУА
Жол-жобонун жыйынтыгы: Эсепке алуу журналы, медициналык күбөлөндүрүү актысы
Жол-жобонун тиби: Атайын жол-жобо.

 

№ 4 жол-жобо Керектөөчүлөрдү медициналык текшерүүдөн өткөрүү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү.

 

-бөлмөлөрдүн, жабдуулардын, ошондой эле медициналык жана башка багыттагы мүлктүн тийиштүү нормативдердин талаптарынын деңгээлинде кармалышы камсыздалат;

- санитардык-гигиеналык ченемдердин сакталышы камсыздалат, анын ичинде бөлмөлөрдүн күнүмдүк жана генералдык тазалоону, мекемеге бекитилген жана тийиштүү аймакты күнүмдүк санитардык тазалоону өткөрүү уюштурулат;

- коопсуздук (анын ичинде өрткө каршы) техникасынын талаптарын сактоо камсыздалат;

- өрт өчүрүү катажаттарынын болуусу, бөлмөлөрдүн, имараттардын, курулмалардын оңдоп-түзөө иштеринин өз убагында болуусу камсыздалат;

- инженердик-техникалык коммуникациялардын, жабдуулардын коопсуз пайдаланылышы камсыздалат жана аларды колдонуудагы стандарттарга, эрежелерге жана ченемдерге ылайык келтирүү боюнча чаралар колдонулат, мекеменин имараттарын кароо жана оңдоп-түзөө өз убагында уюштурулат.

Мекеменин башчысы, дарыгер, медициналык айым, мекеменин тийиштүү бөлмөсүнүн санитаркасы. Дайыма. Бекитилген санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана мекемедеги башка ченемдердин жана эрежелердин сакталышы.

-мекеменин бөлмөлөрүн жана аймагын санитардык тазалоонун графигин илүү;

- мекеменин имаратынын, курулмасынын, жабдуусунун техникалык жана санитардык абалын текшерүү журналына тийиштүү жазууларды калтыруу.

4 аракет 4 адам дайыма   2 документ
Жол-жобонун жыйынтыгы: мекеменин имаратынын, курулмасынын, жабдуусунун техникалык жана санитардык абалын текшерүү журналы
Жол-жобонун тиби: Атайын жол-жобо.

 

 

 

 

 

 

Белгиленген формадагы маалымкаттарды берүү жана ИИОго кызматка кирүүгө (КР ИИМдин окуу жайларына тапшырууга) жарамдуулугу (жараксыздыгы) жөнүндө АДКнын корутундусу түрүндөгү мамлекеттик тейлөөлөрдүн жыйынтыктарын тариздөөнүн № 5 - жол-жобосу.

 

- АДКнын протоколдор китебине керектөөчүнүн маалыматтары киргизилет;

- медициналык маалымкатка иреттик номер берилет;

- корутундусу менен маалымкат таризделет;

- маалымкат кол коюуга жана мөөр басууга мекеменин башчысына киргизилет;  

- керектөөчүгө мааымкат тапшырылат.

Медициналык каттоочу 15 мүнөт ИИОго кызматка кирүүгө жана КР ИИМдин окуу жайларына тапшырууга жарамдуулугу (жараксыздыгы) жөнүндө АДКнын корутундусу менен маалымкатты тариздөө.

1. ИИОго кызматка кирүүгө жана КР ИИМдин окуу жайларына тапшырууга жарамдуулугу (жараксыздыгы) жөнүндө АДКнын корутундусу менен маалымкат

2. АДК протоколдорунун журналы.

5 аракетАД 1 адам 15 мүнөт   2 ЧУА

Жол-жобонун жыйынтыгы: ИИОго кызматка кирүүгө жана КР ИИМдин окуу жайларына тапшырууга жарамдуулугу (жараксыздыгы) жөнүндө АДКнын корутундусу менен маалымкат.

2. АДК протоколдорунун журналы.

Жол-жобонун тиби: Атайын жол-жобо.

 

  1. Аткаруу жол-жобонун схемасы (алгоритми) төмөндө көрсөтүлгөн.

 

                № 1-жол-жобо Документтерди кабыл алуу, каттоо

прие прием и регистрация направления от кадрового аппарата и документов, необходимых для предоставления государственной услуги;

м и регистрация направления от кадрового аппарата и документов, необходимых для предоставления государственной услуги;

 

 

 

№ 2-жол-жобо

Төлөмдөрдү кабыл алуу

               № 3-жол-жобо

Медициналык жана комплекстүү психодиагноздук текшерүү

               № 4-жол-жобо

Медициналык текшерүүнү жүргүзүү үчүн шарттарды түзүү

               № 5-жол-жобо Белгиленген үлгүдөгү маалымкаттарды берүү

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

6. Администрациялык регламенттин талаптарын аткарууга көзөмөл

 

  1. Администрациялык регламенттин талаптарынын аткарылышына ички көзөмөл жана тышкы көзөмөл жүргүзүлөт.
  2. Администрациялык регламенттин талаптарынын аткарылышына болгон ички (күндөлүк) көзөмөл мамлекеттик кызмат көрсөткөн мекеменин башчысы тарабынан дайыма жүргүзүлөт.

Ички (күндөлүк) көзөмөл кызматкерлердин администрациялык регламенттин жоболорун, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүү жараянында кабыл алныган чечимдеди сактоосуна жана аткруусуна үзгүлтүксүз текшерүү жүргүзүү аркылуу ишке ашырылат.

Ички (күндөлүк) көзөмөлдүн максаты мамлекеттик адистердин жана кызмат адамдарынын аракеттеринде (же аракетсиздигинде) кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укугунун бузулушун аныктоо жана жоюу, чечимдерди кароо, чыгаруу жана чечимдерге карата келип түшкөн даттанууларга ( анын ичинде ишеним телефону боюнча) жооп даярдоо болуп эсептелет.

Мезгил-мезгил менен текшерүүлөрдү жүргүзүү: мамлекеттик кызмат көрсөтүү жараянына күн сайын.

Пландан тышкаркы, анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн белгилүү бир керектөөчүлөрүнүн арызы боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүгө болот.

Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча администрациялык регламенттин талаптары боюнча аныкталган бузууларды жоюу боюнча дароо чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдын жоопкерчилиги боюнча маселелер каралат.

3.      Администрациялык регламенттин талаптарынын аткарылышына болгон сыткы көзөмөл КР ИИМдин Медициналык Башкармалыгынын башчысынын чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Комиссиянын курамына сөзсүз түрдө коомдук байкоочу кеңештин өкүлдөрү киргизилет.

Комиссиянын иш тартибин жана регламентин КР ИИМдин Медициналык Башкармалыгы аныктайт. Комиссиянын ишинин жыйынтыктар аныкталган бузууларды, кемчиликтерди жана аларды жоюу боюнча сунуштарды белгилеген маалым кат түрүндө таризделет. Анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүү жараянын оптималдаштыруу максатында администрациялык регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.

Бул маалым кат кол коюлгандан баштап 3 күн ичинде маалымкат келип түшкөн күндөн бир айлык мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды, ушул бузууларга жол берген кызматкерлерге жана кызмат адамдарына тартиптик жана администрациялык таасир этүү чараларын көргөн, ошондой эле администрациялык регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүүнү (зарыл богон учурда) демилгелей турган мекемелердин жетекчилерине жиберилет.

Сырткы көзөмөлдүн жыйынтыгы боюнча, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү реестрине ылайык бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө жооптуу болгон мамлекеттик органдардын жетекчилеринин аныкталган бузуулары жана кемчиликтери боюнча бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга жооптуу жетекчилерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү тартиптик жана администрациялык чаралар көрүлүшү мүмкүн.

Администрациялык регламенттин талаптарынын аткарылышына болгон сыткы көзөмөл бир жылда жок дегенде 1 жолу жүргүзүлөт.

 

7. Административдик регламенттин талаптарын бузган кызмат адамдарынын жоопкерчилиги

  1. Мамлекеттик кызмат көрсөткөн мекеменин кызматкерлеринин же кызмат адамдарынын аракеттери же аракетсиздиги, ошондой эле мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүүнүн жүрүшүндө кабыл алынган чечимдери ушул мамлекеттик тейлөөлөрдүн белгиленген стандарттын тартибинде керектөөчүлөр даттанышы мүмкүн.
  2. Административдик регламенттин талаптарын бузган мекеменин кызматкери же кызмат адамы Кыргыз Республикасынын административдик жана эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

8. Корутунду жоболор

         Административдик регламент тейлөөлөрдүн Стандартын кайра кароо менен зарылчылыкка жараша бир эле убакта кайра кароого жатат.

 

 

 

 

   и/к подполковниги                         _______________ Жакыпов Ж.К.

 

 

   и/к майору                                     ________________Гусельникова Т.В.

 

  •