facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

16.09.2021

ИИМде Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин атынан унаа транспорттору тапшырылды

2021-жылдын 16-сентябрында Ички иштер министрлигинде Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин атынан транспорт каражаттарын өткөрүп берүү иш-чарасы болуп өттү.  Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Элчилигинин кеңешчи-кичи элчиси Вадим Гусев, Россия Федерациясынын ИИМнин Баңгизаттарды жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча  башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары  Борис Яковченко, Россия Федерациясынын  Тышкы иштер министрлигинин Жаңы чакырыктар  жана коркунучтар маселелери боюнча департаментинин баңгизаттарды көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык маселелери боюнча бөлүм начальниги Мария Вислогузова, Россия Федерациясынын ИИМнин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын бөлүм начальниги  Павел Юлин, Россия Федерациясынын ИИМнин Кыргызстандагы өкүлү Владимир Лузганов   катышты.

 Жаңы унаалар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын техникалык базасын чыңдоого арналган жана ички иштер органдарынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча ишмердүүлүгүн бекемдөөдө, кылмыштын башка түрлөрүн ачууда  кызмат кылат.  Жалпысынан “Chevrolet Cobalt”  үлгүсүндөгү 15 унаа  жана “Газель NEXT Автобус” үлгүсүндөгү эки спринтер тапшырылды.  Иш-чарада ички иштер министринин   орун басары Октябрь Урмамбетов сөз сүйлөп,  конокторго тыгыз кызматташтыгы жана колдоосу үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.   

Андан сырткары, Октябрь Урмамбетов өз ара иштешүүнү өркүндөтүү максатында "Ысык-Көл 2021" учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу боюнча кыргыз-орус машыгуулары ийгиликтүү өткөндүгүн белгилеп кетти.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер