11.09.2021
ИИМдин Ички аскерлеринин Жалал-Абаддагы аскер бөлүктөрүнө Күжүрмөн Туулар тапшырылды
Үстүбүздөгү жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин Жалал-Абад шаарындагы 704 аскер бөлүгүнүн жана Кара-Көл шаарындагы 718 аскер бөлүгүнүн аймактарында Күжүрмөн Тууну тапшыруу боюнча салатанаттуу иш-чара болуп өттү.
Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Сүйүнбек Өмүрзаков, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы полковник Исламбек Кенжекулов, аскер бөлүктөрдүн ардагерлери, биргелешип иштеген жана чакырылган меймандар катышты.
Бул күн 704 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы үчүн өзгөчө күн. Анткени Күжүрмөн Тууну тапшыруу күнү, аскер бөлүктүн түзүлгөнүнүн 29 жылдыгына туш келип, кош майрамды белгилеп белгилеп жатышат. Күжүрмөн Тууну тапшырып жатып Сүйүнбек Өмүрзаков, аскер бөлүктүн өздүк курамын кош майрамы менен куттуктап, 2000-жылы Чаткал районундагы болуп өткөн коогалаңда, бөлүктүн аскер кызматкерлери мыйзамсыз куралчан согушкерлерди жок кылууда көрсөткөн эрдиктери тарых барактарында түбөлүкө кала берерин айта кетти.
Ал эми, 718 аскер бөлүгүнүн командирине Күжүрмөн Тууну тапшырып жатып Ички иштер министринин биринчи орун басары, бөлүктүн аскер кызматкерлеринин Каскад Токтогул жана Курулуп жаткан ГЭС терди кайтаруудагы салымы зор экенин белгилеп өттү.
Салтанаттуу иш-чара, аскер бөлүктөрдүн өздүк курамы тарабынан даярдалган кол уруш ыкмаларын жана аскердик техника менен курал-жарактарды көрсөтүү менен аяктады.
ИИМдин Ички аскерлеринин Басма сөз кызматы