facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

31.08.2021

Улан Ниязбековдун Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата куттуктоосу

Улан Ниязбековдун Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата куттуктоосу

Ардактуу мекендештер жана Кадырман замандаштар!
Урматтуу ички иштер органдарынын ардагерлери, кызматкерлери жана үй-бүлөлөрү!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракеси менен куттуктайм.
Карт тарыхтын катмары ырастагандай Кыргызстан үчүн көз карандысыздыгыбыз — эң ыйык дөөлөтүбүз, эң бийик сыймыгыбыз, ата-бабалар кылымдар бою күрөшүп, жанын берип, канын төгүп жүрүп бизге калтырган ыйык мурасыбыз.
Кудайга шүгүр, биздин мамлекет бутуна туруп, адамзат коомунда ѳз орду, ѳзүнүн жолу бар, ѳнүгүп бараткан мамлекеттердин катарында. Бүгүнкү күндѳ эгемендүү Кыргызстанды дүйнѳ эли демократиялуу, адам укугун сыйлаган жана мыйзамдуулук ѳкүм сүргѳн мамлекет катары тааный алды. 
Ал эми, өлкөнүн өзөгүнө келе турган болсок Мамлекетибиздин түптөлүшүндө, анын өсүп-өнүгүүсүндө ички тартипти камсыз кылуу, эл тынчтыгын сактоо чоӊ мааниге ээ экени белгилүү. Мына ушул жооптуу милдет сиз менен бизге, мындайча айтканда, ички иштер органдарына тапшырылган. Бүгүнкү күндө өлкө аймагында коомдук тартипти камсыз кылууда, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө ички иштер органдарынын кызматкерлери үлгүлүү кызматы менен ишмердикте бир топ ийгиликтерди жаратканы белгилүү. Бул милдеттерди өтөөдө ар бирибиз ишмердигибизде жоопкерчиликти сезе билип, ак ниет кызмат кылсак, Кыргыз милициясынын өз элинин, коомчулуктун алдында дагы да болсо аброю жогорулайт деп ишенем. Ошол эле учурда ишмердиктин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, министрликте ири реформалар мезгил талабы менен ишке ашууда. 
Кыргыз милициясынын башкы милдети бул -  карапайым эл милицияны ѳзүнүн коргоочусу  катары, адам укугунун жана мыйзамдын тиреги катары кабыл алуусуна жетишүү менен укуктук мамлекеттин адилеттүү сакчысы болуу! Биз саясаттан, бизнестен жана ар кандай өзүн көрсөткүсү келген мактанчаак иш аракеттерден өйдө турган мыйзамдын сакчылары экенибизди  эч жерде, эч качан унутпашыбыз милдет. 
Кадырман мекендештер жана ардактуу кесиптештер! Эркиндикти кылымдар бою аздектеп келген элдин урпактары катары — көз карандысыздыкты коргоо, чыңдоо, бекемдөө – ар бирибиздин ыйык милдетибиз!
Мамлекетибиздин мындан ары да гүлдѳп ѳсүшү үчүн биргеликте, бир максатта Эгемендүүлүгүбүздү, ыйык мурасыбызды түбөлүк даңктоо менен бирге Кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө арналган талыкпас күжүрмөн багытыбызда ийгиликтердин жарала беришине тилектешмин. Сиздерди дагы бир ирет мамлекетибиздин эгемендүүлүк күнү, 30 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктаймын.


Улан НИЯЗБЕКОВ, 
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, 
милициянын генерал-майору

Пайдалуу шилтемелер