facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

19.10.2021

Октябрь Урмамбетов ИИМдин Ички аскерлеринин Бишкек шаарындагы өздүк курамы менен жолугушту

2021-жылдын 19-октябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчылыгында ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов Ички аскерлердин Бишкек шаарындагы өздүк курамы менен жолугушту.

Министрдин орун басары өздүк курамга кайрылып, алдыда боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо учурунда коомдук коопсуздукту камсыз кылуунун маанилүүлүгүн эскерте кетти.

“Биз саясаттан тышкары болуп, өзүбүздун милдеттерибизди так аткарышыбыз керек”,-деди министрдин орун басары. Ошол эле учурда, ал мамлекетибиздин жана Ички иштер министрлигинин жетекчилиги тарабынан коюлган тапшырмаларды аткарууда кайраттуулукту жана бекемдикти көрсөткөн Ички аскерлердин өздүк курамына ыраазычылык билдирип кетти.

“Ушул жылдын апрель айында болуп өткөн Баткен окуясында Ички аскерлердин жоокерлеринин эрки жана эрдиги коомчулук тарабынан жогорку баага ээ болду, кызматты мындан ары ушундай деңгээлде улантасыздар деген ойдомун”,-деп билдирди О.Урмамбетов.

Жолугушуунун соңунда ал Ички аскерлердин өздүк курамына күжүрмөн-кызматтык милдеттерин аткарууда мыкты ийгиликтерди жарата беришин каалап, ИИМ жетекчилиги тарабынан өздүк курамга кышкы аскердик кийим-кечелерди тапшырды.

Пайдалуу шилтемелер