facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

11.10.2021

Октябрь Урмамбетов Ош облусундагы ички иштер бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык абалы менен таанышты

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов Ош облусунун аймагындагы ички иштер бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык жактан камсыздалышынын  абалы менен таанышып, милиция кызматкерлеринин өз убагында милдеттерин аткарууларын, жарандардын кайрылууларын ар тараптуу кароолорун текшерди.

2021-жылдын 10-октябрь күнү ички  иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Ош ОИИБдин начальниги Жеңишбек Абитов менен бирге Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу, Араван райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамы менен жолугушуп, кызматтык форма менен камсыздалышын, милиция кызматкерлеринин сырткы келбетин, нөөмөт бөлүктөрүнүн, кызматтык бөлмөлөрдүн абалын, убактылуу кармоочу жайлардын шарттарын текшерип, кышка даярдык, материалдык-техникалык жактан камсыздалышынын абалы менен жакындан таанышты.

Андан сырткары жетекчилерге ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тапшырмаларды берди.  Башкы тапшырмалардын бири алдыга коюлган тапшырмаларды так аткаруу, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдануу жана өткөрүү маалында жарандардын коопсуздугун камсыздоо даярдыгы эсептелерин айтты.

Өздүк курам менен жолугушуу учурунда райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктерине өздүк курамды окутуу жана күжүрмөн даярдыкты жакшырту, андан сырткары кызмат өтөөлөрү үчүн шарттарды түзүү, тарбия иштерин уюштуруу боюнча милдеттерин эскертти.

Ошондой эле, Октябрь Урмамбетов кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту так аткарууну, ыкчам-кызматтык, тергөө иштерин жана кылмыштарды алдын алууну күчөтүү керектигин талап кылды.

 Министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов өздүк курамга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан кызматкерлерге ар тараптуу шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик деңгээлде иш жүргүзүлүп жаткандыгы туурасында маалымат берди.

Иш сапардын жүрүшүндө Кара-Суу шаарынын борбордук аянтында милициянын аймактык пунктунун жаңы имараты ишке берилип, анын ачылышына ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов   катышып, анын ичиндеги орнотулган жабдуулар менен таанышты. Милициянын аймактык пунктунун ачылышына Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоев жана Кара-Суу шаарынын мэри Адыл Лолобаев дагы катышты. Ошондой эле Араван РИИБдин жетекчилиги тарабынан тергөөчүлөр үчүн курулуп жаткан  имараттын курулушу менен таанышты.

Октябрь Урмамбетовдун бүгүнкү иш сапары Чоң-Алай, Алай районунун аймагында улантылат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер