facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

24.08.2021

Бишкекте ИИМ Ички аскерлеринин 80 жылдыгы белгиленүүдө

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-августта, Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Салтанат алкагында Мамлекет башчысы өзгөчө ардак белгиси, аскердик намыстын, эрдик жана даңктын символу катары Күжүрмөн туусун ИИМ ички аскердик бөлүктөрүнө тапшырды.

Президент аскерлерди Күжүрмөн туунун тапшырылышы менен куттуктап, 80 жыл мурда түзүлгөн Ички аскерлер кызматы бүгүнкү күндө дагы өлкө аймагында ички коопсуздукту камсыздап, элибизге тынчтыкты жана бейпилдикти тартуулап, стратегиялык мааниге ээ болгон мамлекеттик маанилүү объектилерди эле кайтарбастан, коомубуздун жаркын келечегине коркунуч туудурган ар кандай чакырыктарга каршы алгылыктуу күрөш жүргүзүп жатканын белгиледи.

Садыр Жапаров Ички аскерлердин күжүрмөн даярдыгы жакшы жана аскердик духу күчтүү экенин кошумчалады.

«Кандай гана милдеттер жүктөлбөсүн, сиздер жоопкерчилик менен так аткарууга даяр экениңиздерди убакыт айкын көрсөттү. Мындан ары дагы ички аскерлерибиз өлкөнүн бакубат келечеги үчүн, анын ичинде мамлекетибиздин коопсуздугун камсыз кылуу, жарандарыбыздын укуктары менен эркиндиктерин коргоо боюнча алдыга коюлган милдеттерди так аткарат деп ишенимдүү айта алам», - деди Мамлекет башчысы.

Президент белгилегендей, Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын айрым категориядагы аскер кызматчыларына акчалай көмөк көрсөтүү жөнүндө” токтомунун долбоору даярдалган. Ага ылайык 2021-жылдын 1-октябрынан тарта Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер кызматынын аскер кызматчыларынын эмгек акыларын 40 пайызга көтөрүү пландаштырылып каралган. Ошондой эле Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер кызматынын аскер кызматчыларынын өзгөчө шарттарда кызмат өтөөсүн эске алуу менен ушул жылдын 1-сентябрынан тарта аскер кызматчылардын өтөгөн кызматынын 1 жылы эми 1,5 жыл деп эсептелери, ал эми Баткен облусунда кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын 1 жылы 2 жылга тете деп эсептелери белгиленген.

Пайдалуу шилтемелер