facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

27.10.2021

ИИМдин Криминалистикалык кызматы 2021-жылдын 9 айынын ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгарды

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде ички иштер органдарынын криминалистикалык кызматтарынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн 2021-жылдын 9 айынын ичиндеги жыйынтыгын чыгарган жыйын болуп өттү.  Бул иш-чарага ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев, ИИМдин Криминалистикалык кызматынын начальниги  Канат Иманалиев жана криминалистикалык кызматтын өздүк курамы катышты.

 Алсак, үстүбүздөгү жылдын 9 айында жүргүзүлгөн ыкчам-кызматтык  ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча ИИМдин Криминалистикалык кызматынын кызматкерлери адис катары 18396 кырсык болгон жерлерди текшерүүгө, 3576 ыкчам-иликтөө иш-чараларына, 3268 тергөө амалдарын жүргүзүүдө катышкан. 

3894 соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлдү, анын ичинде: дактилоскопиялык-1835, трасологиялык-90, баллистикалык-786, кол жазма-234, жаралма курал-216, документтердин техникалык экспертизасы-155, баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун изилдөө-429, жардыруучу-техникалык экспертизалар-2. Андан сырткары,  725  криминалистикалык изилдөөлөр  дайындалган. 

Криминалистикалык кызматтын аймактык бөлүктөрү тарабынан “СОНДА” дактилоскопиялык-идентификациялык автоматташтырылган тутумуна   ыкчам кызыкчылык жараткан адамдардын 7526 дактилоскопиялык  маалыматтары  иштетилип чыгып, киргизилген.

Ошондой эле, 2487 объектеги  ачыла элек кылмыштар боюнча кол издеринин маалыматтык топтому толукталып, бул өз кезегинде кылмыш болгон жерде изин калтырган 180 адамды аныктоого мүмкүнчүлүк берген. Көрсөтүлгөн мөөнөттө дактилоскопиялык-идентификациялык автоматташтырылган тутумунун  жардамы менен 116 факты боюнча белгисиз өлүктөрдүн өздүгү аныкталган.

    Отчеттук мезгилде “ТАИС” баллистикалык-идентификациялык автоматташтырылган тутумуна 20 изилдөө объектиси жана 165 салыштыруу объектиси киргизилген.  

Жыйында ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев сөз сүйлөп, Криминалистикалык кызматтын ишинде алгылыктуу өсүш бар экенин белгилеп, ошондой эле кылмыштардын бетин ачууда жана иликтөөдө атайын билимдерди, криминологдорду пайдалануусуз натыйжалуу иш алып баруу мүмкүн эместигин белгиледи.

Кызматтын адистери кылмыштуулук менен күрөшүүгө эбегейсиз салым кошууда: алар дактилоскиялык, трасологиялык, кол жазма, баллистикалык экспертизаларды, баңгизат камтыган заттарга химиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт.

 ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер