facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

19.08.2021

ПРЕМЬЕР-МИНИСТР УЛУКБЕК МАРИПОВ ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН ҮСТҮБҮЗДӨГҮ ЖЫЛГА КАРАТА АРТЫКЧЫЛЫКТУУ МИЛДЕТТЕРИН ТАЛКУУЛАДЫ

ПРЕМЬЕР-МИНИСТР УЛУКБЕК МАРИПОВ ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН ҮСТҮБҮЗДӨГҮ ЖЫЛГА КАРАТА АРТЫКЧЫЛЫКТУУ МИЛДЕТТЕРИН ТАЛКУУЛАДЫ

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2020-жылкы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгаруу жана үстүбүздөгү жылга карата артыкчылыктуу милдеттерин талкуулоо боюнча коллегиялык жыйынга катышты.

Өкмөт башчы Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө алкагында жүргүзгөн иши үчүн ыраазычылык билдирип, укук коргоо орган кызматкерлеринин элдик дружиналар менен биргеликте жасаган күч-аракетине жараша 2020-жылдын 5-6-октябрындагы окуялардан соң укук тартибин камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгүн баса белгиледи.

Улукбек Марипов өз сөзүндө үй-бүлөлүк зомбулукка жол бербөө маселесине өзгөчө токтолду.

«Зомбулуктун ар кандай фактылары – адам укугунун негиздерине каршы келген кылмыш. Өнүккөн коомдо мындайга жол берилбеши керек. Зомбулуктун ар-түрдүү фактылары, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулук да укук коргоо органдарынын көңүлүнөн четте калбашы керек. Үй-бүлөлүк зомбулук бир үй-бүлөнүн жеке иши катары кабылданбашы зарыл. Мындай фактылар жашырылбастан, коомчулук мындай көрүнүштөрдү жектөө менен кабылдашы тийиш», - деп белгиледи ал жана аталган маселе боюнча учурдагы мыйзамды кайрадан карап чыгуу зарылдыгы бар экендигин кошумчалады.

Өкмөт башчы Ички иштер министрлигинин санариптештирүү алкагындагы ишин белгилеп, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин түзүлүшүнө, ошондой эле «Түндүк» жана «Коопсуз шаар» тутумунун ишине оңдуу баасын берди.

Премьер-министр эскерткендей, 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен укук коргоо орган кызматкерлеринин айлык акысы 40%га жогорулаган жана социалдык колдоо көрсөтүү, анын ичинде милиционерлер үчүн көп квартиралуу үйлөрдүн курулушу, ошондой эле облустук ички иштер органдарынын имараттарын модернизациялоо иши улантылат.

Жыйынтыгында Премьер-министр Улукбек Марипов ички иштер органдарынын кызматкерлери калктын коопсуздугун жана укук тартибин камсыздоодо натыйжалуу жана акыйкат иш алып баруу менен милиция органдарына карай ишеним деңгээлин жогорулатуу үстүндө күн сайын иш алып баруусу керектигин баса белгиледи

Пайдалуу шилтемелер