facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

13.10.2021

ИИМ: RWGFD криминалистикалык лабораториялардын жабдыкталышынын мүмкүнчүлүтөрүн аныкташты

ИИМ: RWGFD криминалистикалык лабораториялардын жабдыкталышынын мүмкүнчүлүтөрүн аныкташты

2021-жылдын 12-октябрында Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Кылмыштулук жана баңгизаттар башкармалыгынын соттук-медициналык экспертиза жана баңгизаттар боюнча аймактык жумушчу тобунун онлайн режиминде отуруму болуп өттү.

Аталган жумушчу топ, Кыргызстан, Казахстан, Афганистан, Иран, Пакистан, Өзбекстан, Түрмөнистан жана Таджикстан мүчө-мамлекеттер арасындагы баңгизаттар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынын соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүчу кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу үчүн түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен отурумга Криминалистикалык борбордун начальниги милициянын полковниги Канат Иманалиев катышты.

Отурумдун катышуучулары кызматташтыктын артыкчылыктуу болгон багыттарын жана кылмыштуулук менен каршы күрөшүүдөгү кызматтарды өнүктүрүү, ошондой эле эл-аралык тажрыйбаны эске алуу менен соттук-медициналык ишмердүүлүктүн негиздеринин мыйзамдарын жакшыртууну талкуулашты.

Канат Иманалиев талкуулоо учурунда, “бүгүнкү күндө өз ара кызматташуунун өзөгү катары – эксперттик-криминалистик кызматтар арасында маалыматтык банктарды колдонуу менен  маалымат менен алмашуу болуп саналат. Азыркы учурда эксперттердин колдонуусунда заманбап техникалык, инновациялык каражаттар бар. Бирок коомдун башкы эксперти катары чыгармачыл, өзүн-өзү өнүгүүсүнө умтулган адам гана болот” – деп белгиледи.

Жолугушуу кызматташтыктын деңгээлин жогорулатууга, эксперттик кызматтардын эң курч көйгөйлөрүн чечүүгө салым кошуп, кызматтык байланыштарды кеңейтүү жана активдештирүү үчүн зарыл болгон аянтчаны түздү.

Отурумдун аягында коюлган тапшырмаларды ишке ашыруу боюнча жыйынтыктары белгиленди.

 

КР ИИМдин Басма сөз кызматы

 

Пайдалуу шилтемелер