facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

11.10.2021

ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү дайынсыз жоголгон мекендештерди издөө боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүүдө

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү өзүнүн ыйгарымынын чегинде Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте Россиянын аймагында дайынсыз жоголгон мекендештерди издөө жана узак убакыттан бери туугандары менен байланышпаган жарандарды издөө боюнча иштерди жүргүзүүдө.

2021-жылдын 9 айында Өкүлчүлүккө Россия Федерациясында дайынсыз жоголгон 64 жарандын жакындары издөөгө көмөктөшүү тууралуу кайрылышкан.

Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте Россиянын аймагында кыргыз жарандарын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 57 жаран аныкталган, анын ичинде 47 жаран бул жылы, 10 жаран мурдагы жылдардан бери издөөдө болгон.

Быйыл изделип жаткандардын ичинен 4 жарандын жансыз денеси киши колдуу болуп өлгөн белгилери жок өлүкканадан табылган, 1 жарандын өздүгү таанылган эмес, ал боюнча  туугандык мамилесин тастыктоо боюнча экспертизасынын (ДНК) натыйжасында таанылып, учурда процессуалдык текшерүү жүргүзүлүүдө.

1 жаран оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн табылган, 8 жаран  эркинен ажыратылган жерлерден аныкталган.

Өткөн жылдардан бери изделип жаткан 5 жарандын жансыз денеси өлүкканадан киши колдуу болуп өлгөн белгилери жок табылса, 1 жаран эркинен ажыратылган жерден табылган. 4 жарандын туугандары менен байланышпай, үй-жайсыз калышканы аныкталган.

Учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү аймактык бөлүмдөр менен биргеликте дайынсыз жоголгон дагы 7 жарандын жүргөн жерин аныктоого багытталган чараларды көрүүдө. Анын ичинен 3 жаран мурдагы жылдардан бери изделип жатса, быйыл 4 жаран изделүүдө.

Дайынсыз жоголгондорду табуу үчүн көп эмгек талап кылынат. Дайынсыз жоголуунун бардык жагдайларын аныктоо, ошондой эле дайынсыз жоголгон адамдын акыркы жолу жүргөн жерине текшерүү жүргүзүү зарыл.

Дайынсыз жоголгон адамды акыркы жолу көргөндөр сууралып, эмне болгонун түшүндүрө ала турган күбөлөр суралат, дайынсыз жоголгон адам кандай жолдор менен басып өтүшү мүмкүн болгон жолдор видеокамералар аркылуу изилденет.

Жарандардын дайынсыз жоголуусунун себептери менен жагдайлары ар дайым көңүл чордонунда болгон. Мындай иштерди иликтөөдө жаралган оорчулуктун себептеринин бири болуп төмөнкүлөр эсептелет: жарандардын өз убагында кайрылбоосу, жашаган жерин тез-тезден алмаштыруусу, өз укуктарын түшүндүрүү боюнча кыйынчылыктар, айрымдар кармалып калгандыгын айтууну каалабаган же корккон жарандар бар.

Кээ бирлери үй-бүлөсүн багуу үчүн тапкан акчасын жөнөтүүнү талап кылган туугандарынын айынан байланыштарын үзүп коюшат.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү жогоруда аталган дайынсыз жоголгон адамдар боюнча +7 (926) 890-87-00 телефону аркылуу ишеним телефонуна маалымат берүүнү суранат. (WhatsApp).

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер