facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

05.10.2021

ИИМдин  БМЖКККнын кызматкерлери баңгизаттарды сатып жүргөндөрдү кармашты

ИИМдин  БМЖКККнын кызматкерлери баңгизаттарды сатып жүргөндөрдү кармашты

Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз баңгизатын жүгүртүү менен алектенген адамдардын өздүгүн аныктоо максатында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө “Б” аттуу жаран баңгизаттарды (гашиш жана марихуана) сатуу менен алектенгени тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн жогорудагы маалыматтар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен катталган.

         Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте, атайын текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө, “көзөмөлдөп сатып алуу” аракети аркылуу 1 кг. 600 гр. “марихуана” жана 25 грамм салмактагы “гашиш” баңгизатын сатып алышкан.

         Ыкчам иш-чараларды жүргүзүү учурунда аталган айылдын тургуну “Б” аттуу жарандын өздүгү аныкталган. Ал Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун тургуну 1976-жылы туулган   М.Б. болуп аныкталган.

         2021-жылдын 23-сентябрында   атайын иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда саат 23:00дө  Тогуз-Торой аймагында 1976-жылы туулган Б.М. жана ал менен бирге  жүргөн, кылмышка катыштыгы бар М.Н. аттуу жаранды жеке текшерүү учурунда 2 кг. 830 гр. “гашиш”  жана 1 кг 600 гр. “марихуана”  баңгизат табылган. Анын жалпы салмагы 4 кг. 43 граммды түзүп, соттук экспертизасынын корутундусуна ылайык “гашиш” баңгизаты болгондугу аныкталган.  

         Учурда кармалгандар Кыргыз Республикасынын Жазык-процестик кодексинин 98-беренесине ылайык,  Сузак РИИБнин убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо максатында мындан аркы тергөө амалдары  улантылууда.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер