04.10.2021
Ошто, шайлоо учурунда мыйзам бузууларга бөгөт коюу боюнча укук коргоочуларга тренинг өткөрүлдү.
2021-жылдын 4-октябрь күнү Ош шаарында “Кыргыз Республикаксынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо учурунда мыйзам бузууларга каршы күрөшүүдөгү укук коргоо органдарынын ролу” аталыштагы тренинг болуп өттү.
Иш-чарага Ош облустук жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, прокуратура кызматынын өкүлдөрү жана борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү катышышты.
Аталаган иш-чарада шайлоого карата адистер тарабынан төмөндөгүдөй темалар боюнча окуулар өткөрүлдү:
-Шайлоо мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо процесси жана координациялык топтордун ыкчам аракеттенүүсү.
-Шайлоонун катышуучуларынын конституциялык-укуктук жоопкерчилиги.
-Шайлоочулардын мыйзам бузган учурдагы кылмыш жоопкерчилиги.
-КРнын ЖКнин депутаттарын шайлоо алдындагы жана шайлоо учурундагы шайлоочулардын добуштарынын сатылууларын алдын алуу.
- Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү учурунда мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөө.
- Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланылуусу.
- Шайлоо мыйзамдар жаатындагы кылмыштарды жана жоруктарды иликтөөнүн методологиясы.
Окуудан сырткары аталган темалардын үстүндө суроо-жооп талкуулар жүргүзүлдү. Иш-чаранын негизги максаты 2021-жылдын 28-ноябрында боло турган КРнин ЖКнин депутаттарын шайлоо учурундагы мыйзамдуулукту камсыздоо жана укук бузуулардын алдын алуу болуп саналат.
ИИМдин Басма сөз кызматы