facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

01.10.2021

ИИМ: БМЖКККнын кызматкерлери электрондук чылымды (Вейп) толтурууга арналган “гашиш майын” контрабанда жолу менен ташып киргизүү ишмердүүлүгү токтотулду

2021-жылдын 15-сентябрында КРнын ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан Мамлекеттик бажы кызматынын “Түндүк” ТЖТнын кызматкерлери менен биргеликте атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн натыйжасында, АКШдан жөнөтмө алуу учурунда 1990-ж.т., Чүй облусунун жашоочусу, К.Ф. аттуу жаран кармалып, андан ичинде  белгисиз суюктук бар  айнек флакон салынган картондук коробка, ошондой эле “Saucey” жазуусу бар, өзгөчө жытка ээ, сары түстөгү капсула түрүндөгү тюбик табылып алынган.

ИИМдин БМЖКККнын Тергөө кызматы тарабынан КЖБРге Жазык кодексинин 270-беренесинде каралган (Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүү үчүн аларга атайын эрежелер белгиленген предметтердин контрабандасы) кылмыш менен катталган.

Жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык аталган зат “гашиш майы” баңги каражаты болгон.

Биринчи май райондук сотунун санкциясы менен шектүү К.Ф. жаранына №1 тергөө абагына камакка алуу бөгөт коюу чарасы колдонулган.

Азыркы учурда ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан мындан аркы атайын тергөө аракеттери жана Америка кошмо штаттарынан товар жеткирүүнү уюштурган жана ага тиешеси бар жактарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер