facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

30.09.2021

ИИМдин Күзөт кызматында кызматкерлерди сыйлоо аземи болуп өттү

ИИМдин Күзөт кызматында кызматкерлерди сыйлоо аземи болуп өттү
ИИМдин Күзөт кызматында кызматкерлерди сыйлоо аземи болуп өттү
ИИМдин Күзөт кызматында кызматкерлерди сыйлоо аземи болуп өттү
ИИМдин Күзөт кызматында кызматкерлерди сыйлоо аземи болуп өттү

Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинде 2021-жылдын  27-сентябрында болуп өткөн аппараттык кеңешмесинин жыйынтыгы менен каралган маселелерди жоюуга Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын жетекчиси Дамирбек Исаков өздүк курамга шайлоо учурунда тиешелүү кызматтык милдеттерин так аткарууга, борбордук шайлоо комиссиясы жана жер-жерлердеги Аймактык шайлоо комиссиялары менен тыгыз байланышта иш алып баруусун, милиция саясаттан алыс экендигин таңкы нускамада өздүк курамга жеткирүүсүн, кызматкерлерди профессионалдык даярдыгын чындоо иштери боюнча иш-чараларды жүргүзүү жана жол кыймылынын коопсуздугун сактоо керек экендигин баса белгилеп, талаптарын койду.

Азыркы учурда коронавирус илдети кайрадан күч алууда.  Кызматкерлер арасында эпидемиядык нормаларын сактоого жана кызматкерлердин саламаттыгын камсыздоо үчүн  илдетке каршы эмдөөдөн өтүү жөнүндө атайын түшүндүрүү иштерин бүгүнкү күндөн тартып ишке ашырууга Дамирбек Исаков тапшырмаларды берди.

Ыкчам кеңешменин жыйнтыгында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын мыкты кызматкерлери өзүнүн кызматтык милдеттерине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгадыктары жана коомдук коопсуздукту сактоодо зор салымын кошкондугу үчүн жана 2021-жылдын 28-сентябрь Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кадрлар кызматынын күнүнө карата  “Кыргыз милициясына 95 жыл” юбилейлик медалы, коло сааты, “Кадырман” медалы, “Кадр кызматынын мыктысы” аттуу медалы жана ардак грамоталары менен сыйланышты.

 

 

Кыргыз Республикасынын ИИМдин

Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы.

Пайдалуу шилтемелер