facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

31.03.2022

Талас ОИИБи: самбо күрөшү боюнча турнир өткөрүлдү

Бүгүн, Талас областтык ички иштер башкармалыгын өздүк курамынын арасында кызмат учурунда каза болгон милициянын лейтенанты Абасбеков Бакыт Нурдөөлөтовичтин жаркын элесине арналган самбо курөшү боюнча турнир өткөрүлдү. Ал 2011-жылы Талас шаардык ички иштер бөлүмүндө тергөөчү кызматында өзүнүн кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон. Турнирдин башында Талас ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Асанов Марлис сөз сүйлөп катышуучуларга ийгилик каалап өттү.

“Ички иштер органынын катарына жаңыдан кызмат өтөп жаткан жаш кызматкердин алдыга койгон максаты өзүнүн Ата-Мекенинин бейпилдигин көзүнүн карегиндей сактап, кылмыштуулукка жана укук бузууга бөгөт коюу эле, бирок тилекке каршы ал оюу ишке ашпай калыптыр. Бирок, анын ак эмгеги жана жаркын элеси биздин арабыздан эч убакта унутулбайт”-деди өз сөзүндө.

Турнирге облус ичинде РИИБнен турган жалпы 8 курама команда катышты. Таймаш кызыктуу жүрүп, жыйынтыгында күчтүүлүк кылып 1-орунду атайын багыттагы полк, 2-орунду Талас ОИИБи, 3-орунду Талас РИИБнин курама командалары ээлешти.

Талас ОИИБнин басма-сөз кызматы.

Пайдалуу шилтемелер