facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

23.09.2021

ИИМдин Академиясынын начальнигинин орун басары Арзыгүл Джоробековага “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи” ардактуу наамы ыйгарылды

ИИМдин Академиясынын начальнигинин орун басары Арзыгүл Джоробековага “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи” ардактуу наамы ыйгарылды

 

Укук коргоо тутумун өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, илимий ишмердикте сиңирген эмгеги жана кесиптик ишмердүүлүктөгү чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу ИИМдин  Академиясынын начальнигинин орун басары Арзыгүл Джоробекова  мамлекеттик сыйлык менен сыйланды. 
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи” ардактуу наамы ИИМдин Академиясынын начальнигинин окуу жана илимий ишмердүүлүк боюнча орун басары, юридика илимдеринин доктору, профессор, милициянын полковниги  Джоробекова Арзыгүл Мамаюнусовнага берилди.  
 Арзыгүл  Джоробекова 1991-жылдан баштап ИИМдин Академиясында мугалим, доцент, кафедра башчысы болуп иштеген.  2008-жылдан баштап  Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясынын начальнигинин орун басары кызматын аркалоодо.
 Учурда ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жогорку аттестациялык комиссиянын эксперттик комиссиясынын төрайымы, ИИМдин Академиясынын Редакциялоо-басма кеңешинин төрайымы.  
 Анын жеке жана авторлоштукта даярдалган, укуктук илимди байыткан, илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды, анын ичинде укук коргоо органдарынын практикалык бөлүмдөрүн даярдоого олуттуу салым кошкон 250дөн ашык илимий эмгектери бар. Алардын арасында "Укук" энциклопедиясы, 7 монографиясы,  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мөөрү астында ЖОЖдор үчүн 5 окуу китеби, 140  ашуун окуу пособиялары, Кодекстер боюнча комментарийлери, 80  ашуун илимий макалалары бар. Анын жетекчилиги астында 4 доктордук жана 27 кандидаттык диссертациялар корголгон. 
 Ал ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүндө адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, ювеналдык юстиция, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо жана башка чаралар, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү, адамдарды сатуунун алдын алуу, кылмыштуу кол салуулардан жашы жете электердин укуктарын коргоону ишке ашырууну камсыздоо  үчүн  укуктук базаны жакшыртуу боюнча жумушчу топторго жетекчилик кылган.  
 Арзыгүл Джоробекова Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда илимий-консультативдик кеңешменин мүчөсү болгондуктан,  мыйзамдардын ченемдерин колдонуу практикасын,  алардын иш жүзүндө колдонуудагы натыйжалуулугун талкуулоого жана талдоого, укуктук ченемдерди тактоого жана чечмелөөгө, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Пленумдарынын Токтомдорунун долбоорлорун иштеп чыгууга жана кабыл алууга катышып келүүдө.
 
 Юридика илимдеринин доктору, профессор Арзыгүл Джоробекованын илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууда чагылдырылган.  Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин редакцияларынын долбоорлорунда (1996, 1999, 2017-ж.ж.); Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинде (2011-ж.); “Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорунда (2017-ж.); “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясынын долбоорунда (2018-ж) ж.б. пайдаланылган.  Андан сырткары, ал эл аралык илимий журналдардын редакциялык коллегиясынын мүчөсү. 
  Ички иштер органдарындагы кынтыксыз кызматы үчүн мамлекеттик сыйлыкка - II даражадагы "Күрмөн кызматын өтөгөндүгү" медалына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Өзбекстан Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Ички иштер министрликтеринин, Россия Федерациясынын Жазаларды аткаруу боюнча федералдык кызматынын сыйлыктарына татыган.   Кыргызстан аялдарынын конгрессинин  Лидерлиги үчүн эл аралык маанидеги алтын медалы менен сыйланган. 
 Милициянын полковниги Арзыгүл Джоробекова Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын отличниги, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун отличниги, Кыргыз Республикасынын Кол күрөш жана өзүн-өзү коргоо боюнча федерациясынын вице-президенти.     
 Биз Арзыгүл Мамаюнусовнаны "Эмгек сиңирген юрист" ардактуу наамы менен куттуктайбыз, анын таалыкпас эмгеги татыктуу баага татыганы үчүн чын жүрөктөн кубанычтабыз.  Билими жана мол тажрыйбасы, жогорку кесипкөйлүүлүгү, иштик сапаттары, укук коргоо органдары үчүн кадрларды тарбиялоодо жана даярдоодо үзүрлүү эмгеги терең урматтоого татыктуу.  
 
 ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер