facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

07.03.2022

Ички иштер министри айымдарды 8-март майрамы менен куттуктады

2022-жылдын 7-мартында ИИМдин коллегия залында 8-Март Эл аралык айымдар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Ички иштер министри Улан Ниязбеков, милиция айымдарын куттуктап, кызматтык ишинде жогорку ийгиликтерге жетишкен милиция кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.

Улан Ниязбеков, куттуктоо сөзүндө “Сиздерди жадырап жайнап келген жаз майрамы 8-март аялдардын эл аралык майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Ушул жазда Сиздердин мээримдүү жүрөгүңүздөрдө кубаныч уялап, жүзүңүздөрдөн күлкү кетпей, бактылуу болушуңуздарга  тилектешмин! Сиздер бар үчүн жергебизде балдардын күлкүсү угулуп, дасторкондорубуз түркүн даамга жайылып, үйлөрүбүз ырыскыга толуп турат.Азыркы учурда аялдар коомдун экономикалык жана саясий турмушуна, мамлекеттик бийлик органдарынын, ички иштер органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерине активдүү катышууда.Баарыңыздарга чың ден соолук, узак өмүр тилейм! Майрамыңыздар кут болсун! Сиздерди майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктаймын! – айымдарды куттуктады.

Андын тышкары айымдар үчүн концерттик программа уюштурулуп ИИМдин кыздарын Кыргыз Республикасынын Эл артисти Асылбек Өзүбеков жана маданияттын мыкты кызматкери Аскат Мусабеков аялзатына мыкты ырларын тартуулашты.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер