facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

16.09.2021

ИИМ: Кыргызстан менен Россиянын ички иштер министриликтеринин ортосундагы эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланды

 2021-жылдын 16-сентябрь күнү ИИМде  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин башчысы Улан Ниязбеков Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Элчилигинин кеңешчи-кичи элчиси Вадим Гусев,  Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды жүгүртүүнү  көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Борис Яковченко, Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Жаңы чакырыктар  жана коркунучтар маселелери боюнча департаментинин баңгизаттарды көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык маселелери боюнча бөлүм начальниги Мария Вислогузова, БУУнун Баңгизаттар  жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Кыргыз Республикасындагы Программалык кеңсесинин башчысы Андрей Селезнов  менен жолугушуу өткөрдү.  

Жолугушуунун жүрүшүндө Улан Ниязбеков  "Ысык-Көл 2021" учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу боюнча кыргыз-орус биргелешкен машыгуулары ийгиликтүү өтүп жаткандыгын  жана өз ара кызматташуу жогорку денгээлде экендигин белгиледи.

         Жолугушууда ИИМдин башчысы  Улан Ниязбеков   учкучсуз учуучу аппараттарды Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүндө колдонуу келечегин, ошондой эле Кыргызстанда учкучсуз учуучу аппараттарды колдонууда адистерди даярдоо борборун  түзүү керектигин  жана региондук деңгээлге чейин ишмердүүлүктү кеңейтүү мүмкүнчүлүгү бар экендигин баса белгиледи.

“Урматтуу кесиптештер мен Россия Федерациясынын Өкмөтүнө, Россия Федерациясынын ички иштер министри полициянын генералы Колокольцев  Владимир Александровичке, ошондой эле сиздерге тыгыз кызматташтыгыңыздар, колдооңуздар үчүн чын дилимден ыраазычылык билдиргим келет.  Биздин достук мамилелерибиз жана кылмыштуулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү көптөгөн маселелер боюнча бирдиктүү позицияларыбыз өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн бекем пайдубалы болот деп ишенем.  Кызматташтыгыбызды мындан ары чыңдоого өзгөчө көңүл буруп, мындан аркы бардык тармактарда кызматташууга даяр экенимди билдирем!” - деди  ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков.

Жолугушуу абдан жылуу, достук кырдаалда, өз ара түшүнүшүү жана иштиктүү маанайда өттү.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер