facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

13.09.2021

Ысык-Көл облусунда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу боюнча кыргыз-орус машыгуулары башталды

2021-жылдын 13-сентябрь күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу боюнча кыргыз-орус машыгууларынын ачылыш аземи болду.

Иш-чарага ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев жетектеген Кыргыз Республикасынын делегациясы, Россия Федерациясынын делегациясынын курамындагы Ички иштер министрлиги, Росгвардиясы, Тышкы иштер министрлиги, орусиялык алдыңкы өндүрүүчүлөр жана  ошондой эле БУУнун  Кыргыз Республикасындагы Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Программалык кеңсесинин  өкүлдөрү катышышты.

Машыгууларда Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын компетенттүү органдары кылмышкерлерди издөө, дайынсыз жоголгондорду табуу, жапайы кара куурайдын өскөн жерлерин картага түшүрүү, ошондой эле учкучсуз учуучу аппараттардын жардамы менен кыймылдап бара жаткан объекттерди көзөмөлдөө боюнча окуу тапшырмаларын иштеп чыгышат.

Машыгуунун максаты - укук коргоо органдарынын ыкчам жана кызматтык иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн учкучсуз башкаруу аппараттарын колдонуу боюнча тажрыйба алмашуу.

Машыгуунун жыйынтыктары Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик координациялык комитеттин 2021-жылдын 17-сентябрына пландаштырылган көчмө жыйынында каралат.

Мындан тышкары, машыгуунун алкагында адистештирилген жабдуулардын акыркы иштеп чыгууларынын көргөзмөсүн өткөрүү пландалууда, анын ичинде россиялык өндүрүүчүлөрдүн учкучсуз  учуучу аппараттары дагы көргөзүлөт.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер