facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

13.09.2021

ИИМдин Ички аскерлеринин 704 аскер бөлүгүнүн түзүлгөн күнүнө карата спорттук иш-чара өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин Жалал-Абад шаарындагы 704 аскер бөлүгүнүн түзүлгөндүгүнүн 29 жылдыгына арналган кичи футбол мелдешинде Ноокен РИИБдин командасы 1-орунду багындырды.          Ал эми волейбол боюнча өткөрүлгөн мелдеште Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын командасы башкы байгени жеңди.

Спорттук оюндарга облустагы күч түзүмдөрүнүн командалары катышышты.

Жеңүүчүлөргө кубок, диплом, акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Сыйлоо аземи 11-сентябрда 704 аскер бөлүгүнүн имаратында өттү. Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Сүйүнбек Өмүрзаков, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы полковник Исламбек Кенжекулов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад ОИИБдин начальниги, милициянын полковниги Ашим Тагаев, аскер бөлүктөрдүн ардагерлери, өздүк курам жана коноктор катышышты.

Кызматта жетишкен ийгиликтери үчүн бир катар аскер кызматчыларына КРнын ИИМдин “Кыргыз милициясына 95 жыл” юбилейлик медалдары, Жалал-Абад ОИИБдин ардак грамоталары тапшырылды.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер