facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

13.09.2021

Жыргалбек ОСМОНОВ: “Ар бир иштин артында максат эле эмес, жоопкерчилик дагы бар экендигин унутпашыбыз керек”

Жыргалбек ОСМОНОВ: “Ар бир иштин артында максат эле эмес, жоопкерчилик дагы бар экендигин унутпашыбыз керек”
Жыргалбек ОСМОНОВ: “Ар бир иштин артында максат эле эмес, жоопкерчилик дагы бар экендигин унутпашыбыз керек”
Жыргалбек ОСМОНОВ: “Ар бир иштин артында максат эле эмес, жоопкерчилик дагы бар экендигин унутпашыбыз керек”

Каарманыбыз  Жыргалбек Осмонов Кемин РИИБдин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын тескөөчүсү болуп иштейт. Учурда милициянын лейтенанты. Жыргалбек өспүрүмдөрдү тарбиялоодо дайыма үч нерсени колдонуп келет, «Спорт, окуу жана убакыт».  Спорт менен окуу баарыбызга эле түшүнүктүү болсо керек, ал эми «Убакыт деген эмне?»-деген суроо жаралышы мүмкүн. Ал жөнүндө Жыргалбек  өз баянында «Азыркы өспүрүм балдарга этият мамиле кылуу керек. Көбүнчө оор мүнөздүү өспүрүмдөрдүн тилин таап, дос болуу мамилесинде сүйлөшүп келебиз, ал балдардын ички дүйнөсүндө эмне катылып жаткандыгын ишеним  көрсөтүү менен гана билүүгө болот. Ошондуктан өспүрүмдөр менен досчулук жана ишеним көпүрөсүн түзүү зарыл. Ал эми «Убакыт»-дегеним, бул ошол балдардын ата-энелерине тийиштүү нерсе болуп саналат. Ар бир ата-эне балдарына убакытты туура бөлүштүрүп берсе, өспүрүм балдар туура тарбия алаар эле дейм. Көпчүлүк  жаш балдар бош убактысы көп болгондуктан эмне кылаарын билишпей, ар кандай тартип бузуу же кылмыштуулукка барышы мүмкүн. Азыркы замандын өспүрүмдөрү бош убактысы боло калса эле телефон чукулашып, интернеттен керектүү нерсеге караганда керексиз нерселерди көп карашат. Бирок азыркы айтылып жаткан интернет менен соцтармактарды туура пайдаланса жакшы жактары да жок эмес. Ушул тууралуу бир окуяны айтып берейин. Мен тейлеген аймактагы бир өспүрүм бала эки-үч күндөн бери белгисиз, жок болуп жатканын айтып, апасы мага кайрылып калды. Мен дароо баланы издеп баштадым, досторунан сураштырдым, эч ким билбейт. Бардык компьютердик клубдарды кыдырып, сураштырсам  илинчек эч нерсе табылбай койду. Акыры көп ойлонуп отуруп, «Азыркы  жаштар интернетте көп отурушат эмеспи»-деп, соцтармак аркылуу издегенге өттүм. Өзүмдүн телефонумдогу аккаунтум менен издеп баштасам ал баланы таптакыр жоготуп алчудаймын. Үйгө барып карындашымдын телефонун алып, «Инстаграм» баракчасына аты-жөнүн жазып, таап алдым. Дароо эле карындашымдын аккаунту менен досчулук жиберсем кабыл алды, бир күнчө жазышып таанышып жүрдүм. Көп өтпөй эле тиги бала «Жолугалы»-деп калды, качан ушул сөздү жазат деп күтүп жүргөм. Мен дароо макул болдум. Ал бала менен Токмок шаарындагы бир парктан жолукмай болдук. Эртеси болжошкон жерден барып, ал өспүрүмдү таап,  апасына алып келип бергем. Балким ал өспүрүмдү таппай калганыбызда кырсыкка учурап же жаман иштерге бармак беле? Айтор, ар бир аткарган ишиңдин артындагы жоопкерчилик сенин жашоодогу максатыңа айланышы керек жана аны эч ким унутпашы абзел»-деп башынан өткөн окуяга токтолду.

Жыргалбек милиция формасын жөн жерден тандап алган эмес. Каарманыбыздын атасы  да милиция кызматкери болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыккан. Жыргалбек мектепти аяктап, жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери болуп иштеп келген. Бирок, жүрөгүндө милиция кызматкери болом деген каалоо болгондуктан,  2013-жылы  ички иштер органдарынын босогосун аттоо менен кызматын баштаган. Каарманыбыз кичинесинде атасын көп ээрчип, атасынын жумуш бөлмөсүндө да көп убактысын өткөрчү. Ошондон улам милиция кызматына тагдырын байлаган Жыргалбек да атасынын жолун жолдоп, алдыга койгон максатына жетип, «Милиция кызматынын ардагери болсом»-деп келет.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер