facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

11.09.2021

Талас облустук ички иштер башкармалыгында 2021-жылдын 8 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды

Талас облустук ички иштер башкармалыгында  2021-жылдын 8 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн  жыйынтыгы чыгарылды
Талас облустук ички иштер башкармалыгында  2021-жылдын 8 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн  жыйынтыгы чыгарылды

10-сентябрь күнү Талас ОИИБнин жыйындар залында облустук милициянын ишмердүүлүгүн жыйынтыктоочу ыкчам кеңешме болуп өттү. Кеңешмеде  Талас ОИИБнин  начальниги милициянын полковниги Марлис Асанов төрагалык кылып, райондук жана Талас шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктери, жетекчилери, кызмат  башчылары  катышышты. Күн тартибине киргизилген бир нече маселе каралып талкууга алынды. Ар бир райондук бөлүмдүн башчылары өздөрүнө милдеттенген аймактар боюнча кеңири маалымат берип, учурдагы  актуалдуу маселелер боюнча доклад беришти. Доклад учурунда  айрым кызматкерлердин иш алып баруусунда  кемчиликтери аныкталып, аларга кетирген кызматтык мүчүлүштүктөрдү жоюу максатында  көрсөтмөлөр  жана тапшырмалар берилди. ОИИБнин начальниги Марлис Асанов: 
“Кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана алдын алууда бир топ иштерди аткаруу зарыл. Анын ичинен өзгөчө көңүл бура турган бул жаш өспүрүмдөр арасында   профилактикалык иштерди күчөтүү зарылчылыгы. Алардын топтошуп мушташып, же кандайдыр бир криминалдык жолго баруусуна, ошондой эле  жаш өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштар боюнча бөгөт коюучу чараларды көрүңүздөр. Жол кырсыктарын алдын алуу багытында Талас шаары ичинде көйгөй жараткан аймактарга өзгөчө көңүл бурулуусун талап кылам. Ар бир кызматкер өз ишмердүүлүгүн сапаттуу аткаруу керек”-деди. Жыйындын аягында ар бир кызмат башчыларына талаптар коюлуп, алардын аткарылышы боюнча мөөнөттөрдү белгилеп, аткаруу үчүн  тапшырмалар берилди. 
Талас ОИИБнин басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер