facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

10.09.2021

ИИМ: Ысык-Көл облусунда адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча иш-чара өтүүдө

ИИМ: Ысык-Көл облусунда адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча иш-чара өтүүдө
ИИМ: Ысык-Көл облусунда адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча иш-чара өтүүдө
ИИМ: Ысык-Көл облусунда адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча иш-чара өтүүдө
ИИМ: Ысык-Көл облусунда адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча иш-чара өтүүдө
ИИМ: Ысык-Көл облусунда адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча иш-чара өтүүдө
ИИМ: Ысык-Көл облусунда адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча иш-чара өтүүдө
ИИМ: Ысык-Көл облусунда адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча иш-чара өтүүдө

 

Ысык-Көл облусунун аймагында адам сатууга каршы күрөшүү боюнча иш-чара өтүүдө. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Ысык-Көл облусунун Корумду айылынын аймагында 2021-жылдын 6-10-сентябрь күндөрү Адам сатууга каршы күрөшүү боюнча биринчи улуттук симуляциялык машыгууну баштады.

Бул иш-чаранын ачылышына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Ж.Бакашова, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Н.Абдиев, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, элчи А. Рогов катышты.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Нурбек Абдиев өз баяндамасында иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, ички иштер министрлиги мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар жана жарандык коомдук уюмдар менен биргеликте учурда адамдарды сатууга каршы күрөшүүнүн натыйжалуу механизмдерин түзүү боюнча активдүү иштеп жаткандыгын билдирди.

Иш-чарага 70тен ашуун адис, анын ичинде ички иштер министрлигинин 17 кызматкери, ошондой эле башкы прокуратуранын, саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, мамлекеттик эмгек инспекциясынын, жарандык коомдук уюмдарынын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер катышууда. Адам сатууга каршы күрөшүү боюнча биринчи улуттук симуляциялык машыгуу 2019-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №493 токтому менен кабыл алынган адамдарды сатуунун курмандыгы болгондорду кайра багыттоонун улуттук механизминин алкагында ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жана кызматташтыкты күчөтүүгө багытталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө адам сатууга байланышкан кылмыштар, тактап айтканда эмгек жана сексуалдык эксплуатациялоо боюнча жагдайлар ойнотулат, мында иш жүзүндө укук коргоо органдарынын, социалдык кызматтардын жана бейөкмөт уюмдардын өз ара аракеттенүүсү жана кызматташтыгы түзүлөт. Мында ички иштер органдары тарабынан бир нече кылмыш иштеринин козголушу жана социалдык кызматтардын жана бейөкмөт уюмдардын аныкталган адам сатуунун курмандыктарына өз убагында социалдык жардам берүүлөрү маанилүү жыйынтыктардын бири болуп саналат.

Машыгуулар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Адам сатууга каршы күрөшүү боюнча 2021-2024-жылдарга каратат Мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө. Ички иштер министрлиги адам сатуунун курмандыктары үчүн жолдомо берүү механизминин Улуттук программасын иштеп чыгуучу катары өзгөчө роль ойнойт.

Окутуу иш-чаралары Бүткүл дүйнөлүк адам сатууга каршы күрөшүү күнүнө карата “Биргеликте адам сатууну токтотолу!” чакырыгы алдында өтүп, 100 күндүк маалымат кампаниясынын компоненттеринин бири катары эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги адамдарды сатуунун курмандыктарынын муктаждыктарына жана талаптарына басым жасоо менен адамдарды сатуунун курмандыктары үчүн улуттук жолдомо механизмин ишке ашыруу боюнча координациялоочу орган болуп эсептелет.

Симуляциялык көнүгүүнүн жыйынтыгы боюнча бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер