facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

24.08.2021

Президент Садыр Жапаров ИИМдин борбордук аппаратында ички иштер органдарынын жаңы үлгүдөгү жабдууларын көрүп чыкты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-августта, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жаңы үлгүдөгү материалдык-техникалык жабдууларын көрүп чыкты. 

Мамлекет башчысы Ички аскерлердин 80 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чарага катышкандан кийин, Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын оңдоп-түзөөдөн өткөн имараты менен таанышты. 

Ички иштер министри Уланбек Ниязбеков белгилегендей, санариптештирүү алкагында мекеменин бөлүмдөрүн акыркы үлгүдөгү техникалык жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча көп иштер аткарылган. 

Президентке эл аралык кызматташуу боюнча расмий делегациялар менен жолугушуулар жана онлайн-жыйындарды өткөрүү залы көрсөтүлдү. 

Мамлекет башчысы өлкөнүн бардык облустарында жана шаарларында эл көп чогулган жерлердеги абалды акылдуу камералар аркылуу онлайн режиминде көзөмөлдөгөн Ыкчам башкаруу жана координациялоо борборуна өзгөчө көңүл бурду.

Президентке ошондой эле Кыргыз Республикасынын ИИМинин  ММК жана коомчулук менен иш алып баруу боюнча пресс-студия  борбору көрсөтүлдү. 

Ошону менен бирге Садыр Жапаров Патрулдук милициянын жаңы техникалары, алардын ичинде электрмотоциклдер, автоунаалар, курал-жарак, портативдик көчмө радиостанциялары жана башка атайы жабдуулар менен таанышты. 

Мындан сырткары, милициянын участкалык  инспекторлорунун жайкы, кышкы, күзгү-жазгы жана күнүмдүк варианттарындагы жаңы формаларынын комплектисинин макеттери көрсөтүлдү. Аларды ошондой эле кызматтык планшет жана көкүрөк-камера менен жабдышат. 

Мамлекет башчысы укук коргоо органдарын заманбап жабдуулар менен жабдуунун зарылдыгын белгилеп, бул күч түзүмдөрүнө ишти принципиалдуу жаңы усулдар менен жүргүзүүгө, учурдун чакырыктарына өз убагында жооп берип жана пайда болгон көйгөйлөргө оптималдуу чечимдерди ыкчам табууга мүмкүндүк берерин билдирди. 

Президент Садыр Жапаров ошондой эле, ички иштер органдарынын кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болгон кызматкерлеринин эстелигине гүл койду.

Пайдалуу шилтемелер