facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

10.09.2021

Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүктөрү үчүн жаңы унааларды тапшыруу иш-чарасы өттү

2021-жылдын 10-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде  аймактык бөлүктөргө унааларды тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш-чарага ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары Нурбек Абдиев менен Октябрь Урмамбетов, ИИМдин  Борбордук аппаратынын башкы башкармалыктарынын, кызматтарынын, бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

“Chevrolet Cobalt» (Шевроле Кобальт) үлгүсүндөгү 10 унаа милициянын аймактык бөлүмдөрүндө транспорттордун жетишсиздигинен  улам толуктоо максатында алынып келинген.

ИИМдин имаратынын алдында жаңы кызматтык унаалардын ачкычтарын тапшыруу иш-чарасы болуп, бардык тиешелүү каражаттар менен жабдылган унаалар Талас облусунун Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас, Талас райондоруна, Чүй облусунун Кемин, Чүй, Аламүдүн райондоруна жана Токмок шаарына бөлүнүп берилди.

Жаңы кызматтык унаалар бузууларга, жарандардын чакырууларына ыкчам  аракеттерди көрүү үчүн арналган.  Ички иштер органдарынын техникалык камсыздалуусунан көп учурда иштин жыйынтыгы дагы көз каранды.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков өз сөзүндө белгилегендей, региондордо коомдук тартипти жана коопсуздукту коргоону камсыздоо, иштин натыйжалуулугун жогорулатуу, сервистик тейлөөлөрдү аткаруу үчүн ички иштер органдарынын аймактык бөлүктөрүн материалдык -техникалык ресурстар менен жабдууга өзгөчө көңүл бурулууда.  Бул жаңы кызматтык унаалар алыскы райондук ички иштер бөлүмдөрүнө арналгандыктан, кылмыштуулукту азайтуу жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча тапшырмаларды ыкчам аткарууга мүмкүндүк берет.

Бүгүнкү иш-чарага  катышкан Бишкектеги “Шевроле” унаа борборунун  өкүлү   бул жаңы унаалардын 3 жылдык  кепилдиги жана 100 миң км чейин техникалык жактан тейлөө мүмкүнчүлүгү бар экендигин белгилей кетти.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер