facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

09.09.2021

ИИМде Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

2021-жылдын 9-сентябрында ИИМдин имаратында ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Нурбек Абдиев Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин кеңешчиси Ли Баоцзе жана Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин өкүлү Фань Цзюньвэй менен жолугушуусу болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министирлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн начальниги Мирлан Мурзалымбеков жана   ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальниги, милициянын полковниги Уланбек Султанов катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө укук коргоо тармагында, Кыргызстанда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү багытында  кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары күчөтүү боюнча бир катар маселелер талкууланды.

Нурбек Абдиев эки өлкөнүн ортосундагы көп жылдар бою калыптанып келген жакшы коңшулук мамилелер Кыргызстан менен Кытайдын укук коргоо органдарынын ортосундагы кесиптик байланыштарды чыңдоого жана өнүктүрүүгө кызмат кылаарына ишенимин билдирди.

Жолугушуу   өз ара түшүнүшүү жана иштиктүү маанайда өттү.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер