facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

09.09.2021

ИИМ: Сүйүн Өмүрзаков Ош шаарында милиция кызматкерлеринин күжүрмөн-кызматтык даярдыгын текшерди

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Сүйүн  Ѳмүрзаков ИИМдин Ош шаарында  жана Ош облусунун аймагында жайгашкан ички иштер башкармалыктарынын бѳлүмдѳрүнүн ѳздүк курамынын  күжүрмѳн-кызматтык даярдыгын, мыйзамдарды ѳздѳштүрүү боюнча билим деңгээлин текшерүүдѳн ѳткѳрдү.

Ички иштер органдарынын  кызматкерлеринин табелдик ок атуучу куралы болгон «Макаров»  тапанчасы аркылуу  бутага таамай атуусу, куралсыз коргонуу ыкмасы  боюнча күжүрмѳн самбону ѳздѳштүрүүсү, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кызмат ѳтѳѳсү жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жетинчи главасындагы  кара күчтү, атайын каражаттарды, ок атуучу куралды  жана согуштук техникаларды колдонуу эрежелери боюнча теориялык багытта  зачеттор алынды.

Өздүк курамдын алдында чыгып сүйлөгөн  Сүйүн  Ѳмүрзаков: “Кызматкерлер арасында күжүрмөн даярдык сабактарын күчөтүп, курал колдонуу тартибин кызматкерлерге туура үйрөтүп, мыйзамсыз жорук-жосундарга жол бербөө үчүн кызматкерлердин психологиялык туруктуулугун чыңдоо иштери жүргүзүлсүн. Коомдук коопсуздукту камсыздап, эл менен иш алып барууда ар бир кызматкер элге сылык жана туура мамиле жасап, оройлук, бой көтөрүү, ачууга алдыруу деген жаман сапаттардан алыс болуусу, күнүгө эртең мененки нускамаларда туура жеткирилип, айтылып, бардык жетекчилер тарабынан көзөмөлгө алынып турсун. Куралды жана атайын каражаттарды туура колдонуу жана пайдалануу боюнча зачеттер алынып, куралды алып жүрүүнүн негизги максаты эмне экендиги ар бир кызматкерге туура жеткирилсин. Кызматкерлердин тартиби боюнча түздөн-түз жетекчилери жана андан жогору турган жетекчилер жооптуу болот”- деп баса белгиледи.

 Иш-чараны баштоонун алдында милициянын генерал-майору Сүйүнбек  Ѳмүрзаков ѳздүк курамга кара күчтү, атайын каражаттарды, ок атуучу куралдарды  жана согуштук техникаларды колдонуу эрежелери боюнча нускама өттү. Анда  ѳзү  ок атуучу куралдан ок атып бутага  таамай тийгизүү менен ок атуу ыкмасын практикалык түрдѳ кѳрсѳтүп берди. Зачетторду алгачкылардан болуп башкармалыктардын, бѳлүмдѳрдүн башчылары тапшырышты.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер