facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

29.08.2021

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун катышуусунда Талас РИИБнин милициянын аймактык пункту ачылды

2021-жылдын 29-август күнү Талас районунун "Суусамыр-Талас-Тараз" унаажолунун  69 чакырымында  жайгашкан  райондук ички иштер бөлүмүнүн  милициянын аймактык пункту   ачылды. Бул иш-чаранын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков, орун басары милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов жана Кыргыз Республикасынын тышкы  иштер министри Руслан Казакпаев, андан тышкары Кыргыз Республикасынын президентинин Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, Талас ОИИБдин  начальниги Марлис Асанов,  "Алтын Альянс" компаниясынын өкүлдөрү, Бекмолдо айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү тургундары жана Талас РИИБнин начальниги Артур Иманбеков өздүк курамы менен катышты. 
Министр Улан Ниязбеков “Бакубат Талас” өнүктүрүү фондуна  Талас милициясына кошкон салымы, көрсөткөн жардамы жана кызматташтыгы үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. Себеби, кылмыштуулук менен күрөшүүдө милициянын ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында  Алтын Альянс компаниясы негиздеген “Бакубат Талас" фонду  аталган милициянын аймактык пунктунун курулушуна 1 миллион 161 миң сом акча каражатын бөлүп берген. Бул аймактык пункт күнү-түнү иштеп  Бекмолдо, Айдаралиев жана Осмонкулов айыл өкмөттөрүнүн  калкын тейлейт. Анда жарандарды жана Таластын конокторун кабыл алуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана жарандардын укуктарын коргоо боюнча заманбап жардамдарды көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бул пунктта   милиция кызматкерлери күнүгө  иштеп, өздөрүнө ыйгарылып берилген кызматтарын аткарышат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер