facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

23.10.2021

ИИМ. Улан Ниязбеков Чехиянын Ички иштер министрлигинин жетекчиси Ян Свейдер менен эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

2021-жылдын 23-октябрында Корея Республикасыннын Сеул шаарында өтүп жаткан Эл аралык полиция саммитинин алкагында, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков Чех Республикасынын  Полициясынын жетекчиси Ян Сейдер менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда, Улан Ниязбеков чет мамлекеттик кесиптештери менен тыгыз мамиле түзүү - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин артыкчылыктуу максаты болуп саналаарын маалымдады.
Ошону менен бирге, Ички иштер министрлигинин жетекчиси азыркы учурдагы Кыргызстандын ички иштер органдарынын жалпы системасын реформалоо жүргүзүп, заманбап технологияларды колдонууга чоң көнүл бурулуп жаткандыгын маалымдады. Буга байланыштуу, чет мамлекеттик полицияларынын бул багытта ишмердүүлүгүнүн тажрыйбасын алмашууга кызыктар экендигин баса белгиледи.
Өз кезегинде, Чех Республикасынын  Полициясынын жетекчиси Ян Сейдер, кыргызстандык кесиптештерине ыраазычылыгын билдирип, мындан ары жемиштүү кызматташтыкты жогорулатууга даярдыгын тастыктады.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер