facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

23.10.2021

ИИМ. Улан Ниязбеков Бириккен Араб Эмираттарынын Ички иштер министрлигинин Башкы инспектору менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү

ИИМ. Улан Ниязбеков Бириккен Араб Эмираттарынын Ички иштер министрлигинин Башкы инспектору менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү
ИИМ. Улан Ниязбеков Бириккен Араб Эмираттарынын Ички иштер министрлигинин Башкы инспектору менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү

2021-жылдын 23-октябрында Корея Республикасыннын Сеул шаарында өтүп жаткан Эл аралык полиция саммитинин алкагында, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков Бириккен Араб Эмираттарынын Ички иштер министрлигинин Башкы инспектору Ахмед Насер Аль-Раиси менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда, Улан Ниязбеков чет мамлекеттик кесиптештери менен тыгыз мамиле түзүү - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин артыкчылыктуу максаты болуп саналаарын маалымдады. 
Ички иштер министри Улан Ниязбеков, азыркы учурдагы Кыргызстандын ички иштер органдарынын жалпы системасын реформалоо жүргүзүп, заманбап технологияларды колдонууга чоң көнүл бурулуп, чет мамлекеттик полицияларынын бул багытта ишмердүүлүгүнүн тажрыйбасын алмашууга кызыктар экендигин баса белгилеп, бул багыттагы Бириккен Араб Эмираттарынын Ички иштер министрлигин реформалоо жүргүзүүсүнүн  жогорку технологиялык заманбап деңгээлге чыгышы кыргыз тарапка өзгөчө кызыктуу экендигин айтып, ишмердүүлүктөгү тажрыйба алмашууга чакырды.
Өз кезегинде, Бириккен Араб Эмираттарынын Ички иштер министрлигинин Башкы инспектору Ахмед Насер Аль-Раиси, кыргызстандык кесиптештерине ыраазычылыгын билдирип, мындан ары жемиштүү кызматташтыкты жогорулатууга даярдыгын тастыктады.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер