facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

22.10.2021

“Өлкөнүн коопсуздугу менен бүтүндүгүн сактоо үчүн кызмат өтөөдөбүз”. Назгүл  Келенбекова аскердеги кызматы тууралуу

“Өлкөнүн коопсуздугу менен бүтүндүгүн сактоо үчүн кызмат өтөөдөбүз”. Назгүл  Келенбекова аскердеги кызматы тууралуу

Кыргыз эли байыртадан эле көк жал баатыр болгондуктан, бизде  кашык каным тамганча элимди, жеримди коргоо үчүн өз жанымды аябоого даярмын деп  Мекенинин алдында берген антын актап, колуна мылтык алып өлкөнүн коопсуздугу менен бүтүндүгүн сактоо үчүн кызматын өтөп жүргөн уул-кыздарыбыз арбын. Анын сыңарындай, ИИМдин Басма сөз кызматы бир гана мырзалар эмес, аялдар да Мекенин коргоого өз салымын кошо аларын эске салып, пагончон айымдар тууралуу маектерди даярдап, коомчулуктун алдына сунуштап келүүдө. Алардын бири капитан Назгүл Келенбекова ИИМдин Ички аскерлеринде 9 жылдан бери кызмат өтөйт.   Армияда аскер кызматчыларын аял же эркек деп бөлүү туура эместигин айткан Назгүл айым,   аларды Мекен алдында берген антын актоого бүт өмүрүн арнап койгон чыныгы жоокерлер деп эсептөө гана жетиштүү экендигин билдирди. Анткени, Ички аскерлерде аял-эркекке карабай бирдей функционалдык милдеттерди  аткарышат. Назгүл Келенбековна 1990-жылы Нарын облусунун Кочкор районунда туулган.  Үй-бүлөдө эки бир тууган.  Жолдошу дагы аскер кызматчысы болгондуктан, үй-бүлөдө түшүнбөстүктөр жаралбайт жана бири-бирине түшүнүү менен мамиле жасашып, колдоп турушат.

Маектешүү учурунда берилген суроолорго кыска жана так жооп берүүнү адат кылып алган Назгүл айымга ата-энеси, жолдошу тарабынан көрсөтүлгөн колдоолор боюнча суроо узатканыбызда “Менин аскер кызматчысы болом деген тилегимди ата-энем туура түшүнүп, колдоп берген. Бул мага күч-кубат, жаңы дем берип, аскер бөлүгүндө кызмат өтөөмө чоң өбөлгө түзгөн. Учурда  жолдошум дагы каршылыгын көрсөтпөй колдоп келүүдө. Аткени ал дагы аскер кызматчысы болгондуктан менин кызматымды туура кабыл алып, ар тараптан колдоп келүүдө. Экөөбүз тең аскер кызматчылары болгондуктанбы, айтор бири-бирибизди көз карашыбыздан эле  түшүнүп турабыз”,-дейт Назгүл айым.

Ички аскерлерде кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрүнө дагы токтолгон Назгүл айым, “ИИМдин Ички аскерлеринде  кызмат өтөө башка тармактарда  иштегенге  караганда бир нече эсе кыйын.  Баарын тез, кыска убакыттын ичинде жасоого көндүрөт жана пайда болгон ар кандай кырдаалдарга дароо жооп кайтарууга камдайт. Аны менен кошо ал жакта аскер адамын так аныктай ала турган сапаттардын бүткүл топтомуна ээ болосуң: бекем тартипке, командада иштөө жөндөмүнө, жетекчиликке баш ийүүгө, буйрукту кыйшаюсуз аткарууга, баары үчүн жоопкерчиликти алууга, күжүрмөндүккө, чыдамкайлуулукка”,-деп сыймыктануу менен белгиледи.

Уй-бүлөсү жөнүндө сураганыбызда, жолдошу Улуттук гвардияда кызмат өтөөрүн билдик. Келечекте балдарыбыз дагы аскер адамы болобуз дешсе эч каршылыгымды көрсөтпөйм дейт Назгүл айым.  “Эң башкысы эне катары акыл-насаатымды айтып, балдарымдын тандоосун сыйлап, бул чечимдерин туура кабыл алмакмын. Анткени бир үй-бүлөдө эки аскер адамы түтүн булатып жаткандыктан, “Уядан эмнени көрсөн, учканда ошону аласың же    алма сабагынан алыс түшпөйт” дегендей,  балдарыбыз дагы биздин жолубузду жолдоп, биз баскан из менен Мекенинин алдында антын берип, мекен коргоочулары деген атка конот деген үмүттөмүн”-дейт өз сөзүндө.

Учурдагы кызматы боюнча айта кетсек, Назгүл Келенбаева ИИМдин Ички аскерлеринин 717-аскер бөлүгүнүн Финансы-каттоо бөлүмчөсүнүн начальниги болуп иштейт.  ИИМдин Ички аскерлеринин бардык региондогу аскер бөлүктөрүн ар тараптуу каржылык жактан камсыздоо иштери менен алектенет.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы

 

Пайдалуу шилтемелер