facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

22.10.2021

ИИМдин жетекчиси Кыргызстандын милиция кызматкерлерине БУУнун тынчтыкты орнотуу миссияларына катышуу квоталарынын санын көбөйтүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Корея Республикасыннын Сеул шаарында өтүп жаткан Эл аралык полиция саммитинин алкагында, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбековдун Бириккен Улуттур Уюмунун  (БУУнун) тынчтыкты камсыздоо боюнча операциялар Департаментинин полиция кеңешчиси Луис Мигелье Каррильо менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда, Улан Ниязбеков чет мамлекеттик кесиптештери менен тыгыз мамиле түзүү - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин артыкчылыктуу максаты болуп саналаарын маалымдады.

Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлү менен сүйлөшүү учурунда, Улан Ниязбеков Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызматкерлерине БУУнун тынчтыкты орнотуу миссияларына катышууга квоталарынын санын көбөйтүү маселесин көтөрүп, Луис Мигель Каррильо мырза, бул демилгени колдоорун билдирип, ал маселени карап чыгуу даярдыгын белгиледи.

Ошону менен бирге, Ички иштер министрлигинин жетекчиси азыркы учурдагы Кыргызстандын ички иштер органдарынын жалпы системасын реформалоо жүргүзүп, заманбап технологияларды колдонууга чоң көнүл бурулуп жаткандыгын маалымдады. Буга байланыштуу, чет мамлекеттик полицияларынын бул багытта ишмердүүлүгүнүн тажрыйбасын алмашууга кызыктар экендигин баса белгиледи.

Мындан тышкары, Улан Ниязбеков “Интерпол” эл аралык криминалдык полициясынын Башкы катчысы Юрген Шток менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуулар жылуу жана достук маанайда өтүп, тараптар ортосунда өз ара түшүнүшүү мамиле түзүлдү.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер