facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

21.10.2021

ИИМ: “102” кызматына жарым миллиондон ашык чалуулар түшкөн жана 800 ашык укук бузуулардын бети ачылган

Бүгүн, 2021-жылдын 21-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук аппаратында  Коомдук кеңештин ачык отуруму болуп өттү. Ага ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, кеңештин төрагасы Ялкун Даутов, ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Виктория Уметбаева, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын начальнигинин орун басары Алмаз Батырбаев, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын начальнигинин орун басары Азамат Токтоналиев, андан сырткары ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү катышты. Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:

ички иштер органдарын санариптештирүү боюнча иштер менен танышуу;

Санариптештирилген командалык борбордун ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат;

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ишмердүүлүгү.

Иш-чаранын алдында Коомдук кеңештин мүчөлөрү ИИМде жасалган реформалык өзгөрүүлөрдүн жыйынтыктары менен таанышып чыгышты. Алар расмий делегациялар менен жолугушууларды жана онлайн конференцияларды өткөрүү үчүн эл аралык кызматташтык залы, акылдуу камералар аркылуу өлкөнүн бардык райондорунда жана шаарларында эл көп чогулган жерлерде кырдаалды онлайн режиминде көзөмөлдөп турган ыкчам көзөмөлдөө жана координациялоо борбору, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматынын жаңы  пресс-борбору  жанан жыйындар өтүүчү чоң залдын жаңы форматтары менен таанышып чыгышты. Коомдук кеңештин мүчөлөрү өздөрүн кызыктырган актуалдуу суроолоруна жооп ала алышты.

Андан соң, отурумду Коомдук кеңештин төрагасы Ялкун Даутов ачты. Катышуучулар  күн тартибинде карала турган маселелер менен таанышышты. Биринчи өз баяндамасы менен ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Виктория Уметбаева чыкты.

   “Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын негизги максаты- иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө маалыматтык жана телекоммуникациялык технологияларды киргизүү жана колдонуу.

2018-2021-жылдар аралыгында мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн “Бирдиктүү терезе” режиминде иштеген 7 борбор (Чүй ОИИББи,  Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарынын ИИБдери) жана ушул сыяктуу 30 пункт (Жайыл, Ала-Бука, Токтогул, Алай, Кара-Кулжа, Ноокат, Өзгөн, Кадамжай, Лейлек, Кочкор, Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Ысык-Көл, Жети-Өгүз, Тоң, Ак-Суу, Түп, Кара-Буура, Манас, Бакай-Ата, Талас, Ноокен, Араван райондорунда, Токмок, Каракөл, Таш-Көмүр, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Балыкчы шаарларынын ички иштер бөлүмдөрүндө) ачылды.

   Борборлор Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын соттолгондугу  бар же жоктугу жөнүндө тактамаларды беришет, куралдарды алууга, алып жүрүүгө жана сактоого уруксат берүүчү документтерди, атайын транспорт каражаттары менен кооптуу жана жарылуучу жүктөрдү коштоп жүрүүгө жана ташууга уруксат берүүчү документтерди кабыл алып, уруксаат беришет. Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы жөнүндө, Кыргыз Республикасынын аймагында соттолгондугу бар же жоктугу жөнүндө тактамаларды  апостилдөө боюнча кызмат көрсөтөт.

 Кыргызстандын аймагында адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы жөнүндө, соттолгондугу бар же жоктугу жөнүндө тактама берүү түрүндөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүү,  ошондой эле электрондук форматта, Мамлекеттик электрондук кызматтардын порталы аркылуу көрсөтүлөт (https: //portal.tunduk.kg).

2019-жылдын 1-январынан баштап республиканын ички иштер органдарынын бардык аймактык бөлүмдөрү “Бузуулардын бирдиктүү реестри” жана “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалымат тутумуна кошулган.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Борбордук аппаратынын колдонуучулары маалыматтык тутумдар, корпоративдик тармактар, жумушчу станциялар менен иштөөсү үзгүлтүксүз күнү-түнү камсыздалат. Ички иштер министрлигинин Борбордук аппаратына кирүү үчүн көзөмөлдөө жана башкаруу тутуму орнотулган”, - деди Виктория Абаскановна.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Санариптештирилген командалык борборунун иши жөнүндө сөз кылып жатып,  ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын начальнигинин орун басары Азамат Батырбаев   Борборду түзүүнүн максаты жарандардын коопсуздугу, жол коопсуздугу үчүн жүздөрдү аныктоо жана таануу менен коомдук коопсуздукту көзөмөлдөө, жарандардын билдирүүлөрүнө  жана арыздарына аракеттенүүнү күчөтүү,   кылмыштардын жана жоруктардын бетинин ачылышын жогорулатуу болгондугун белгиледи.

Ал белгилегендей, борбордо коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында эл көп чогулган жерлерге 60 видеокамера орнотулган, анын ичинен 20сы жүздү аныктоо функциясы менен, 20 жөнөкөй жана 20  панорамалык видеокамералар.

 “Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы “Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” чечимин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын санариптештирилген командалык борборунун күчү менен облустарда  40 видеокамера орнотулуп,   40 видеокамера онлайн режиминде көрүү үчүн борбордун имаратына киргизилген. Анын жардамы менен видеобайкоо операторлору тарабынан 2021-жылдын 25-майынан ушул күнгө чейин 55 укук бузуу аныкталган.

2021-жылдын 9 айында Бишкекте видеокамералардын жардамы менен Борбордун операторлору 848 кылмыштарды, жоруктарды жана укук бузууларды аныктап, бетин ачышкан.  

 Борбордун кызматкерлери  “Коопсуз шаар” долбооруна кирүү мүмкүнчүлүгү бар, Бишкектин  38 кесилишинде 319 тышкы видео байкоо камералары орнотулган, алар онлайн режиминде жеткиликтүү (ар бири 6дан 10 камерага чейин).

 Борбор ачылгандан бери, 2019-жылдын 31-октябрынан азыркы учурга  чейин, жогорудагы видео байкоо камералары Бишкек шаарынын райондук ички иштер башкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн 55 адамдын (2021-жылдын 9 айында 13 издөөдө жүргөн) жүзүн таанып, кармоого жардам берген.

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын Санариптештирилген командалык  борборунда “102” кызматы иштейт.   “102” кызматы аркылуу 2021-жылдын 9 ай ичинде  507 908 чалуулар кабыл алынган. Алардын ичинен  маалыматтык мүнөздөгү-432991, маалыматтарды каттоо электрондук журналына-84802, кылмыштар жөнүндө билдирүүлөр-15359 болгон”, - деп билдирди Азамат Батырбаев.

 Андан соң, өзүнүн баяндамасы менен ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын начальнигинин орун басары Азамат Токтоналиев чыкты.

 “ИИОнун кызматкерлери уюшкан кылмыштуулуктун 166 субъектисин  ар кандай фактылар (киши өлтүрүү, опузалоо, адам уурдоо, тоноо, каракчылык, автомототранспорт каражаттарын уурдоо, алдамчылык, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу, бейбаштык, уурулук, курал-жарактарды, баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо ж.б. кылмыштар) боюнча кармашкан. Алар учурда кылмыш жоопкерчилигине тартылууда. Кармалган адамдардан 4 даана ок атуучу курал жана 12 даана ок алынган”, - деди ИИМдин КМКнын начальнигинин орун басары Азамат Токтоналиев.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өттү. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү кызыктырган суроолорун беришти жана ички иштер органдарынын ишин жакшыртуу боюнча бир катар сунуштарды айтып өтүштү.

 Жолугушуунун жыйынтыгын чыгарып жатып   ИИМдин  Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов, Коомдук кеңештин мүчөлөрү милиция кызматкерлерине жарандар менен иштешүүдө реалдуу жардам көрсөтүп жаткандыгын белгиледи.   Ошондой эле, ал катышуучуларга аткарылган иштери үчүн ыраазычылык билдирип, баарына ийгилик жана бакубатчылык каалады.

 ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер