facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

14.10.2021

Руслан Тургунбаев: Ар бир айдоочу жолдо жүрүү маданиятын сактабаса, өлүм менен аяктаган жол кырсыктары каттала берет

Руслан Тургунбаев: Ар бир айдоочу жолдо жүрүү маданиятын сактабаса, өлүм менен аяктаган жол кырсыктары каттала берет

Ар бир адам кичинекейинен баштап эле чоңойгондо ким болорун ойлоп, келечеги жөнүндө кыялданат. Башында жалаң гана кыял катары эсептелген кесип тандоо, чоңойгон сайын чындыкка жакын негиздерге таянат. Кезектеги каарманым Ноокен РИИБдин ЖКККнын тескөөчүсү, милициянын улук лейтенанты Руслан Тургунбаев да, кичинесинен милиция кесибине болгон сүйүүсү ойгонуп, кыялдарда жашаган. Балалык аруу кыялын орундатуу үчүн кандай күн, кандай түндөрдү өткөргөнүн, кесипке ээ болгондон кийинки кыйынчылыктарын, ийгилиги жана кемчилиги жөнүндө өзү менен ар тараптуу маек курмакчыбыз.

 
-Руслан мырза, алгач кепти сиздин милиция кесибин тандаган күндөн баштасак.


- Милиция кесибине болгон кызыгуум бала кезден эле башталган. Менин жакын туугандарым жана бир туугандарымдан  да бул кесипти аркалап иштеген адам болгон эмес, болгону биз мектепте окуп жүргөн учурларда көбүнчө мектепке милиция кызматкерлери келип, тартип маселеси, окуучулардын жолдо жүрүү эрежелерин үйрөтүү үчүн чогулуштарды, ачык сааттарды өтүп кетишет эле. Ошол кезде мен көбүнчө алардын айтып жаткан сөзүнө эмес, кийип келген формасына өзгөчө көңүл буруп, кызыгып, ал тургай форма кийип жүргөн күндөрүмдү кыялданган да күндөрүм болгон. Өзүм 1988-жылдын 27-декабырында Базар-Коргон районуна караштуу Бешик-Жон айылында төрөлгөм. 2006-жылы өзүм туулуп, өскөн айылдагы мектепте билим алып, окууну бүтүргөн соң, Ош мамлекеттик юридикалык институтка тапшырып, 2011-жылы аяктадым. Ал эми  милиция кызматына 2012-жылы келдим. Үй-бүлөдө төрт бир тууганмын, ата-энем мен бала кезде эле соода-сатык менен алектенчү, бүгүнкү күнүда соода менен өз тиргиликтерин өткөрүшөт. Мектеп учурунда тартиптүү жүрүш-турушка ээ, жакшы окуган окуучулардын катарын толуктайт элем. Институтта да эжей-агайлардын мактанган студенттеринин бири болгонго жетиштим.
Негизи бардык эле милиция кызматкерлеринин башкы милдети-бул жарандардын коопсуздугун камсыздоо, алардын укугун коргоо болуп эсептелинет эмеспи. Ошо сыңары, ЖКККБнын кызматкерлери деле жарандардын коопсуздугу үчүн, аларды ар кандай кырсыктарга кабылып калбоосу үчүн,  жол эрежелерин сактап жүрүшүн эскертип, көзөмөл жүргүзөбүз. Биздин башкалардан артыкчылыгыбыз деп айткандан алысмын, болгону айырмачылыгыбыз, башка милиция кызматкерлери адамдан адамды коргосо, биз, темирден адамды, тагыраагы, туура эмес башкаруунун артынан адам өмүрүнө, ден-соолугуна зыян жеткирчү кырсыктардан коргоого аракет жасайбыз десем туура болсо керек. Анан да, биз ар дайым жолдо, көчөдө болуп, күнүгө бир эмес, бир нече адамдар менен сүйлөшүп, мамиле кургандыктан, бул бөлүмдө эмгектенген кызматкерлер элге көбүрөөк жакын болсо керек деп ойлоп калам. Менин бул бөлүмдү тандап калышымдын өзгөчө түшүндүрмөсү деле жок. Эң башкы максатым бул-эл менен жакын болуп, элге кызмат кылуу болгондуктан  мен үчүн айырмасы жок, бүгүн ЖКККБнын кызмактери болсом, тагдырыма буйруп койсо эртең башка бөлүмгө барып иштей беришим деле толук мүмкүн.


-Быйылкы жыл Кыргызстан үчүн адам өмүрүн алган коркунучтуу жол кырсыктар көп катталган жылдардын бири болуп жатканына күбө болуп жатабыз, сиздин жеке оюңузда ушундай жол кырсыктары эмне себептен көбүрөөк катталып жатат жана кантип алдын алса болот?


-Ооба, тилекке каршы быйыл, сиз белгилеп кеткендей бир нече адамдардын өмүрүн алган, жол кырсыктары көп катталган жылдардын бири болуп жатканына интернеттин жардамы менен баарыбыз кабардар болуп жаткан кезибиз.  Бул тармакта 5,6 жылдан бери иштеп келе жаткан, жол кырсыктарын өз көзүм менен көрүп, аларды болтурбоо үчүн күрөшүп келе жаткан кызматкерлердин бири катары айта турган болсом, жол кырсыгы көпчүлүк учурда айдоочунун өз өмүрүнө жана өзүнө кошуп, башкалардын да өмүрүнө шалаакы мамиле жасаганында деп айтып кетээр элем.  Кыргызстанда катталган жол кырсыгы көпчүлүк учурда узак жолдо айдаган  таксисттердин же, мас абалында унаа айдаган жарандардын, анан да унаа башкарууну жакшы билбеген чала сабат айдоочулардын арасында көп катталат.  Өмүр адамга Аллах тарабынан берилген аманат. Унаабызга олтурган ар бир адамдын өмүрүнө, өз өмүрүбүзгө кандай жооптуу болсок, ошондой эле жооптуу болуп эсептелинээрибиз ар бир айдоочунун эсинде болсо жакшы болоор эле. Анан да эң маанилүүсү бүгүнкү күндө ар бир айдоочуну моралдык жактан жолдо жүрүүнүн эрежелерин жана жоопкерчиликтери жөнүндө жакшы тарбия бериш керек деп ойлойм. 


- Адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталган окуяларга күбө болгондо, психологиялык жактан жабыр тартып, ден соолугума зыяны тиет деп коркпойсузбу?


-Албетте, ушул тармакта иштеп жаткандан кийин мындай окуяларга баштан өткөрбөй коюу мүмкүн эмес. Адам өмүрүн алган кырсыктарга катышып эле жүрөбүз. Андай учурларда чынында психологиялык жактан жабыр тартасың. Жол кырсыгы жок, жөн эле көз жумган адамдын канча сүрү бар мисалга, ал эми бул жерде адам, кан аралаш, колу сынып, башы жарылып кетиши мүмкүн дегендей.  Айтор көпкө чейин сенин көз алдыңдан кетпей турган окуяларга, картиналарга күбө болгондо, сөзсүз түрдө кыйналасың. Бир нече убакыт өз-өзүмө  келе албай жүргөн күндөрүм деле болгон. Эң өкүнүчтүүсү, сенин ушинтип, эл бейпилдиги үчүн күндүр-түндүр, үй-бүлөңдү таштап, кээде ден соолугуңду да курмандыкка чалып иштеп жатсаң эмгегиңди баалап, жакшы сөз айтып коюу ордуна, тескерисинче сынга алып, ар кандай аттарды коюп кеткенде ачууң келет экен. Ооба, өз ишин так аткарбаган бир же эки милиция болуусу мүмкүн, бирок, бардыгы эмес да...  Милициянын башкы милдети элге кызмат кылуу. Ошондуктан, мейли жакшы, мейли жаман сөз айтылсын  баары бир эл үчүн иштей беребиз. 
Бардык жумуштун оң-тетириси, жаман-жакшысы болот. Өзүң тандап, өзүң каалап келгенден кийин жумуштагы бардык кыйынчылыктарды көтөрүп, мүмкүн  болсо кыйынчылыктан да ырахат алып, өз ишиңди мыкты деңгээлде жасасаң, ошол сенин өлкөңө жана өзүңдүн жашооңду жакшы жака өзгөртүүгө болгон аракетиң болуп эсептелинет. 


- Кеп нугун жеке жашооңузга бурсак. Жаныңызда жүрүп, жакаңызды агарткан айым жөнүндө эки ооз сөз?


-Мындан бир жыл мурда  Майлу-Суу шаарында ЖКККнын кызматкери болуп иштеп калдым. Ал эми жубайым  Майлу-Суу шаардык ооруканада мед айым болуп эмгектенчү. Биз ал жерге жумуш учурунда жол кырсыгынан жабыр тарткан жарандарды же, мас болуп кайрылган адамдарды ошол жакка жеткирчүбүз. Ошол жерден биринчи жолу таанышып, бири-бирибиздин тумушка болгон көз карашыбыз бирдей экенин түшүнгөндө, убакытты көпкө созбостон үйдөгүлөрдү үйүнө жөнөтүп, ата-энебиздин ак батасы менен турмуш жолун бирге баштаганбыз. Учурда бала-чакалуу боло элекпиз. Келечекте татынакай уул-кыздардын ата-энеси болуп, аларды бирге тарбияласак деген аруу максаттарым бар.      
 
“Бетме-бет” гезити

Пайдалуу шилтемелер