facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

12.10.2021

Жан дүйнөсү чыгармачылыкка жакын милициянын капитаны Лола Абдуллаева

Жан дүйнөсү чыгармачылыкка жакын милициянын капитаны Лола Абдуллаева

Ички иштер органдарында кызмат өтөп өзүнүн билими, жоопкерчилиги жана башка мыкты сапаттары кызматта ийгилик жараткан айымдар арбын. Андай айымдардын бири Чүй облусунун ИИББнын тергөө кызматында кызмат өтөп жаткан  милициянын капитаны Абдуллаева Лола. Ал 1994-жылы аскер кызматкерлеринин үй-бүлөсүндө туулган.
Лола кичине кезинде чыгармачылыкка кызыгып, ырдап, бийлеп, спектаклдерде ролдорду жаратканга кызыгып чоңойгон. Орто мектепте окуп жүргөндө фортепианого кызыгып музыкалык билим алган. Андан сырткары сабактарды да мыкты окуп, уюштуруучулук иштерге да активдүү катышкан алдыңкы окуучулардан болгон. 
Үй-бүлөдө жалгыз кыз болгондуктан ата-энеси анын кесип тандоодо өз каалоосуна коюп, бирок кызы дарыгер болсо деген тилектерин айтышкан. Бирок, Лола милиция кызматкери болууну максат кылып, орто мектепти аяктаган соң Кыргыз Республикасынын ИИМдин Э.Алиев атындагы Академиясынга тапшырган. Академияда окуп жүргөн мезгилде ал жакта уюштурулган маданий иш-чараларга активдүү катышып, жан дүйнөсүнө жакын болгон чыгармачылыкты окуу менен бирге ар дайым алып жүргөн.
Окуу жайды кызыл диплом менен аяктап, Жайыл РИИБдүн тергөө кызматына тергөөчү болуп дайындалган.
Ал тергөө кызматында кызмат өтөп, коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүү багытында өз салымын кошуп жатканына сыймыктанаарын билдирет. Жашынан күнүмдүк аткаруучу жумуштарын алдын ала мерчемдеп, күндөлүк дептерге жазып, кечинде анын жыйынтыгын чыгарып жүргөнүн айтып, тергөө кызматында да күн сайын аткарыла турган жумуштарын күндөлүк дептерге жазып алып, ар бир убакытты туура пайдалануу жумуштарды ийгиликтүү аткарууга жардам берээрин кошумчалайт.
Лола Абдуллаева жумуштан сырткары жан дүйнөсү сүйгөн чыгармачылык менен алектенүү ырахат тартуулап, жашоону жакшылыкка бөлөөөрүн билдирет.

Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер