facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

27.08.2021

Президент Садыр Жапаровдун бизге көрсөткөн колдоосу мамлекеттин коопсуздугун сактоодогу кызматыбызды сапаттуу аткарууга шарт түздү

Президент Садыр Жапаровдун бизге көрсөткөн колдоосу мамлекеттин  коопсуздугун сактоодогу кызматыбызды сапаттуу аткарууга шарт түздү

Биз, ИИМдин  Ички аскерлери,  ички аскерлердин жоокерлери өзүбүздүн түзүлгөнүбүздүн  80 жылдыгына  карата жакшы маареке кылып,   кызматыбызды жакшы аткарып келе жатабыз. Өзүңүздөр билгендей, ИИМдин Ички аскерлери 29-30-апрелде  ыйык жерибизди коргоодо антка бекемдигин көрсөткөн. Ички аскерлер “Головной” суу бөлүштүргүч  жерди бекем коргоп, жерибиздин бүтүндүгүн сактап калды. Ошол негизде ички аскерлердин быйылкы 80 жылдык маарекесине карата Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы, президентибиз Жапаров Садыр  Нургожоевич өзүнүн жарлыктары менен  бир талай жоокерлерди сыйлады. 80 жылдыгыбызга карата 24-август күнү келип, “Күжүрмөн кызыл тууну” ички аскерлердин сыймыгы, аскерлердин Мекенди коргоодогу туусу деп тапшырып, ошол жерде бизге абдан чоң кубанычтуу жаңылыкты айтты. Ал жалпы ички аскерлердин   өтөп жаткан кызматы  өзгөчө жооптуу болгон үчүн ар бир ай бир жарым ай кызмат деп эсептелип, ал эми Баткен облусундагы аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткан жоокерлерибиздин бир айы  эки айга тете болгондугун кабарлады. Бул саамалык аскерлерге кызматына болгон кызыгуусун арттырып, стимул болуп, бизге Башкы колбашчынын бул колдоосу абдан жакты. Андан тышкары 1-октябрдан баштап ички аскерлердин аскер кызматчыларынын маянасы 40 % жогорулай турган болду. Бул баарыбызды шердентип, демибизге дем, күчүбүзгө күч-кубат кошуп, алдыбызда турган мамлекеттин, жалпы элдин коопсуздугун сактоодогу кызматыбызды мындан да жакшы, мындан да сапаттуу аткарууга чоң өбөлгө болду. Ошон үчүн жалпы ички аскерлердин атынан президентибиз Жапаров Садыр Нургожоевичке  терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бизге арткан ишеничин мыкты, сапаттуу ишибиз менен аткарып беребиз деген ишеничтемин.

 

Аширбек Бакаев,

генерал-майор

ИИМдин Ички аскерлеринин мурдагы колбашчысы

Пайдалуу шилтемелер