facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

08.10.2021

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Жалал-Абадда иш сапары менен жүрөт

   Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Жалал-Абад облусунун аймагындагы ички иштер бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн, кызматкерлерге түзүлгөн шарттарды текшерүүдө. Ал иш сапардын алгачкы күнүндө Жалал-Абад ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Ашим Тагаев менен биргеликте Токтогул райондук, Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамы менен жолугушту.

Бүгүн, 8-октябрдын таңында Аксы жана Ала-Бука РИИБнин ишмердүүлүгү менен таанышты. Жолугушуу учурунда кызматкерлерди ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөөгө, элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатууга чакырды.

Алдыда боло турчу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыздоо, мыйзам бузуулар орун алган учурда ыкчамдык менен иш алып баруу керектигин белгиледи. Ички иштер органдарынын негизги милдети коомдук тартипти көзөмөлдөө жана кылмыштуулуктун алдын алуу экендигин айтып, шайлоо өнөктүгү учурунда үгүттөө иштерге милиция кызматкерлеринин аралашуусуна тыюу салынаарын катуу эскертти. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Ички иштер министрлигинин талаптарын так аткарууга, жарандар менен сылык мамиледе болууга чакырды. Кызматкерлерди билимин жогорулатууга, профилактикалык жумуштарды алып барууда жаңы багыттар менен иштөөгө үндөдү. Кызматтык ишмердүүлүктү жакшыртууда, терроризм жана диний экстремизмге каршы күрөшүүдө, кылмыштуулуктун алдын алууда, катталган кылмыштардын бетин ачууда талыкпастан эмгектенүүгө чакырды.

         Иш сапардын алкагында кызматкерлердин кийимдерин, аларга түзүлгөн шарттарды көрүп, кетирилген кемчиликтерди жоюу тапшырмасын койду. Өздүк курамга шарт түзүүдө жетекчилерди менеджер болууга, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташууга чакырды. Кызматтык автоунаалар, жетишпеген техникалык базалар боюнча маселелер алдыңкы күндөрү чечиле тургандыгын айтып өттү. Ички иштер министрлиги тарабынан кызматкерлердин социалдык абалын жакшыртуу максатында тиешелүү иш-аракеттер көрүлүп жаткандыгын кошумчалады.   

Иш сапар учурунда Жалал-Абад ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Ашим Тагаев 6-октябрь күнү Жалал-Абад шаарында парламенттик шайлоого карата өткөрүлгөн семинар-тренингге катышкан кызматкерлерди алган тажрыйбаларын кесиптештери менен бөлүшүүгө чакырды.

Азыркы учурда Октябрь Урмамбетов Чаткал РИИБдин өздүк курамы менен жолугушууга жөнөп кетти. Андан соң иш сапары Жалал-Абад шаарын көздөй багыт алат.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер