facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

30.09.2021

ИИМдин Ички аскерлеринин 702 аскер бөлүгүнүн түзүлгөнүнүн 55 жылдыгына жана Күжүрмөн Тууну тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү

2021-жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин 702 аскер бөлүгүнүн түзүлгөнүнүн 55 жылдыгына жана Күжүрмөн Тууну тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы полковник Исламбек Кенжекулов, республикалык жоокер энелер комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова,  аскер бөлүктүн ардагерлери жана чакырылган меймандар катышты.

«Бүгүн 702 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы үчүн өзгөчө күн, анткени Күжүрмөн Тууну тапшыруу күнү аскер бөлүктүн түзүлгөнүнүн 55 жылдык мааракесине туш келди»,- деп колбашчы өз сөзүндө белгилей кетти.

 Күжүрмөн Тууну тапшырып жатып колбашчы, аталган бөлүктүн өздүк курамынын, 2005-жылдан 2020-жылга чейинки мамлекетибизде болуп өткөн коомдук-саясий кырдаал учурунда жана коронавирус илдетин алдын алуу боюнча Өзгөчө кырдаал, Өзгөчө абал киргизилген учурда карантиндик режимди камсыздоо боюнча тапшырмаларды аткарууда кайраттуулукту жана эр жүрөктүүлүктү көрсөтүшкөнүнө токтоло кетти.

Салтанаттуу иш-чараны утурлай Ички иштер министринин жана Ички аскерлердин колбашчысынын буйруктарынын негизинде, бөлүктүн бир топ  аскер кызматкерлери медалдар, баалуу белектер жана грамоталар менен сыйланышты.

Салтанаттуу иш-чара, аскер бөлүктүн көркөм өнөр жамааты  тарабынан даярдалган театрлаштырылган көркөм чеберчилик жана майрамдык концерт, ошондой эле аскердик техника менен курал-жарактарды көрсөтүү менен аяктады.

Пайдалуу шилтемелер