29.09.2021
Өлкөнүн атагын арттырган, сыймыктуу кызыбыз Күмүшай
Үстүбүздөгү жылдын 18-19-сентябрь күндөрү спорттун “Каратэ-до” түрү боюнча Дүйнөлүк кубок Россия Федерациясынын Москва шаарында өткөрүлдү. Аталган сынакка жер жүзүнүн булуң бурчунан келген каратэ-до спортунун алдыңкылары, мыктылары ат салышты. Өзүнүн шамдагайлыгы, жеңишке болгон чечкиндүү аракеттеринин натыйжасында көптүн арасынан суурулуп, байгелүү деп эсептелген 2-орунду багындырган спортчу, ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын 2-взводунун милиционери, милициянын улук сержанты Күмүшай Орозкулова кызыбыз байгелүү орунду багындырышы менен өлкөнүн желегин бийиктерде желбиретип, Кыргыз милициясынын аброюн дагы да арттырды.
Күн-түн тынбаган аракеттин аркасында бүгүнкү ийгиликке жеткен Күмүшай сынак тууралуу; “Ар бир спортчу сынакка бараар алдында көз алдына жеңилген эмес, жеңгендеги кубанычын, сыйланып жаткандагы сыймыктуу көз ирмемдерин элестетип, кыялдана берет эмеспи. Менин да көз алдыма сынак алдында дал ушундай кыялдар тартылды. Кыялдарды орундатуу максатында, бул сынакка Кыргызстандан ичинде тандоо турунан утуп алган күндөн баштап эле тынбастан даярдык көрө баштадым. Ал эми 15-августтан баштап, башкы машыктыруучум Төлөн Жакшыбаев менен күчөтүлгөн тартипте күнүнө эки маалдан машыгуу өткөрүп жаттык. Убакыттан пайдаланып менин машыгуума шарт түзүп, жумуштан убактылуу уруксаат баргени үчүн ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын командири Равшанбек Кожобековго, мага болгон убактысын коротуп күн-түн машыктырган, ийгилик жаратышыма ишенип, колдоо көрсөткөн башкы машыктыруучум Төлөн Жакшыбаевге жана ар дайым сынакка бараарда мага каржылык жактан колдоо көрсөткөн ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасында кызмат өтөгөн жалпы кесиптештериме чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем”-деп кубанычтуу, сезимдери менен бөлүштү.
Кеп соңунда Күмүшайдын иштерине ийгилик каалап, мындан ары да Кыргыздын желегин дүйнөдө желбиретип, өлкөнүн сыймыгына айланып, Карате-до боюнча кийинки дүйнөлүк сынакта биринчиликти багындырышына тилектешпиз.
ИИМдин Басма сөз кызматы