facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

28.09.2021

Милициянын улук сержанты Улан Сарыбаевдин жаркын элесине арналган волейбол боюнча ИИМдин чемпионаты өтүүдө

2021-жылдын 28-сентябрь күнү  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2021-жылга карата спорттук-массалык иш-чаралар боюнча графигине жана ИИМдин  буйругуна ылайык милициянын улук сержанты Улан Сарыбаевдин жаркын элесине арналган волейбол боюнча чемпионаты "Динамо" түндүк  спорт комплексинде башталды.

Чемпионаттын  ачылышында Кыргызстандын Гимни аткарылгандан кийин ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Сүйүнбек Өмүрзаков мелдештин катышуучулары жана Улан Сарыбаевдин туугандары менен жылуу учурашты. Ал 2016-жылдын май айында Баткен облусунда милициянын улук сержанты Улан Сарыбаев куралдуу бандиттер менен болгон атышууда баатырларча курман болгондугун эскерип өттү. Анын жаркын элеси кесиптештеринин жана өлкөнүн бардык милиция кызматкерлеринин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат. Ошондой эле Сүйүнбек Өмүрзаков өз мекенинде коопсуздук жана тынчтык үчүн өз өмүрүн арнаган татыктуу уулду тарбиялаган Улан Сарыбаевдин ата-энесине терең ыраазычылыгын билдирди.

Министрдин биринчи орун басары Сүйүнбек Абдылдаевич мелдештин катышуучуларына кайрылып, бул иш-чарада бардык спорттук чеберчиликтерин көрсөтүү керектигин айтып, адилеттүү күрөштү жана күчтүү команданын жеңишке жетүүсүн каалады.

Андан кийин Уландын атасы Молдобек Сарыбаевге сөз берилди.  Ал ИИМдин жетекчилигине уулунун элесин сактап калганы үчүн жана жыл сайын республиканын бардык региондорунун ИИОнун командалары арасында ушундай чоң мелдештерди өткөрүп келгени үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле бардык милиция кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин чынчыл жана абийирдүүлүк менен аткарышын, алар дайыма туугандарына жана жакындарына аман-эсен кайтып келишин каалады.

Андан соң,  оркестрдин коштоосу менен командалар салтанаттуу марш менен өтүшүп, Динамо комплексинин спорт залында биринчи беттештер башталды. Бул мелдештер 30-сентябрда жыйынтыкталат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер