facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

24.09.2021

ИИМ Ички аскерлеринин аскер кызматкерлеринин айлык маянасы 40% жогорулатылды

ИИМ Ички аскерлеринин аскер кызматкерлеринин айлык маянасы 40% жогорулатылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Министрлер Кабинетинин токтомуна кол койду, ага ылайык, 2021-жылдын 1-октябрынан тарта Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин аскер кызматкерлеринин айлык маянасы 40% жогорулатылды.

Чечим социалдык кепилдиктерди камсыздоо, ошондой эле аскер кызматкерлерине кошумча стимул берүү максатында кабыл алынган.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров үстүбүздөгү жылдын август айында республиканын Ички иштер министрлигинин аскер кызматкерлеринин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарасында 1-октябрдан тарта аталган категориядагы аскер кызматкерлеринин айлык маянасы 40%га жогорулатыла тургандыгын билдирген.

Пайдалуу шилтемелер