facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

24.09.2021

ИИМдин Академиясынын кафедра башчысы Чынара Ботоевага “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” ардактуу наамы ыйгарылды

ИИМдин Академиясынын кафедра башчысы Чынара Ботоевага “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” ардактуу наамы ыйгарылды

Кызматтык милдеттерин абийирдүү  аткаргандыгы,  илимий ишмердүүлүктө сиңирген эмгеги жана кесиптик ишмердүүлүктөгү чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу ИИМдин  Академиясынын Мамлекеттик-укуктук дисциплиналар кафедрасынын башчысы Чынара Ботоева   мамлекеттик сыйлык менен сыйланды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Мамлекеттик-укуктук дисциплиналар кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин доктору, доцент, милициянын полковниги Ботоева Чынара Кычиевнага “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” ардактуу наамы ыйгарылды.

2000-жылы юридика илимдеринин кандидаты илимий даражасын алуу үчүн диссертациясын ийгиликтүү коргогон.

2019-жылы Чынара Кычиевна юридика илимдеринин доктору илимий даражасын алуу үчүн “Мамлекеттин функцияларын ишке ашыруудагы Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү” аталышындагы  кандидаттык диссертациясын коргогон.

Чынара Ботоева 1995-жылдан бери ИИМдин Академиясында мугалим, улук окутуучу, кафедранын доценти болуп эмгектенип келген. 2004-жылдан бери  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясынын Мамлекеттик- укуктук дисциплиналар кафедрасынын башчысы катары иштөөдө.

Милициянын полковниги Чынара Ботоева мамлекет жана укук теориясы боюнча Кыргызстанда, Казакстанда, Россияда жана алыскы чет өлкөлөрдө жарык көргөн 50дөн ашык илимий эмгектин, 2 монографиянын, 17 окуу-усулдук колдонмонун автору.

Илимий кызыкчылыктарынын багыты-Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишин уюштуруу жана жакшыртуу маселелери. Конституциялык кеңешменин курамында ал Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоорун иштеп чыгууга катышкан.

Ишиндеги жетишкендиктери үчүн Чынара Ботоева Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, Аялдар конгрессинин, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын, Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталары,  "Билим берүүнүн отличниги" ардак белгиси, "Датка айым" медалы менен сыйланган.  Ошондой эле, "ИИМдин мыктысы" төш белгиси жана ИИМдин, Юстиция министрлигинин башка ведомстволук сыйлыктарына татыган.

ИИМдин Академиясынын профессордук-окутуучулук жамааты,  ИИМдин борбордук аппараты Чынара Кычиевнаны жогорку мамлекеттик сыйлыгы  менен куттуктап,  илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнө мындан аркы ийгиликтерди каалайт. Кызматтык милдеттерди абийирдүүлүк менен аткаруу, илимий ишмердүүлүктү уюштурууда жогорку натыйжаларга жетишүү, ички иштер органдары үчүн квалификациялуу адистерди даярдоого чоң салым кошуу жогорку баага татыктуу.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер