wrapper

Ысык-Көл ООИБнин демилгеси менен Каракол шаарынын №8 мектеп – гимназиясынын базасында: «Фундаментализм, радикализм, экстремизм, фанатизм жана терроризмдин түшүнүгү, алардын Кыргызстандагы келип чыгуусу» аталышында семинар-тренинг болуп өттү. Семинар-тренингдин ишине Каракол шаарынын мектептеринин мугалимдери, областтык казыятынын өкүлдөрү жана Ысык-Көл ОИИБдин кызматкерлери катышышты.
Семинар-тренингдин ишин Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Октябрь Урмамбетов ачып жатып, мурдагы жылдары милиция кызматкерлери «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгү менен күрөшүп келсе, азыркы тапта мыйзамсыз деп табылган көптөгөн диний экстремисттик мүнөздөгү агымдарынын идеологиясы менен күрөшүүдө. Алардын бири «Инкар-Йакын» диний агымы болуп эсептелинет деп белгиледи. Алып айтсак, 2017-жылдын аралыгында аталган диний агымынын диний, же рассалык кастыкты козутуу максатындагы мыйзамсыз адабияттарды сактоонун 15 фактысы аныкталса, үстүбүздөгү жылдын 9 айында мындай фактынын 22 учуру аныкталууда.
Негизинен, облустун айрым айылдарында жана шаарларында «Инкар-Йакын» диний агымынын мүчөлүгүнө көптөгөн жергиликтүү тургундарынын кошулушу коомчулукту тынчсыздандырууда. Мисалы, жыл башынан бери милициянын, прокуратуранын жана раймамадминистрацияларынын түздөн түз катышуусунда 12 жаш өспүрүмдөр мектептерге окууга кайрадан кайтарылып келинди. Аталган балдардын ата-энелери «Инкар-Йакын» диний агымынын мүчөлөрү болушкандыктан, балдарын окууга жибербей, үйлөрүнөн чыгарбай келишкен.
Семинар-тренигдин акырында катышуучулар диний экстремиздин алдын алуу боюнча өздөрүнүн пикирлери менен бөлүшүп, булл багытта иштин илгерлөөсү боюнча сунуштар иштелип чыкты.

Ысык- Көл ОИИБнин Басма сөз кызматы

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13